www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 11-февралда талапкерлер тарабынан үгүт шарттарын бузган жагдайларды карап, үч талапкерге, бир жаранга жана бир ЖМКга айып пулдарды салды.

Шайлоочуларга жана шайлоо процессинин башка субъекттерине маалымат берүү жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча Жумушчу топтун социалдык тармактарга жүргүзгөн мониторингдин натыйжасында, 2026-жылдын 17-январында “Эркинбек Кырбашев” аттуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу талапкер Гулнура Апсабырованын кайсы тармактарда эмгектенгенин, “мекенчил айым” экенин, Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровду 2015-жылдан бери колдоп келе жатканын белгилеп, постко мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдар менен бирге түшкөн сүрөтүн тиркеген. Гулнура Апсабырова ошол эле күнү аталган постту бөлүшүп, шайлоого катышуу чечимин кабыл алганын жана көрсөтүлгөн колдоого ыраазычылык билдирген. Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жайгаштырылган фотоматериалдарга ылайык, талапкер тарабынан шайлоо алдындагы үгүт иштеринин шарттары бузулгандыгы аныкталган.

Жумушчу топ тарабынан 2026-жылдын 6-февралында республикалык “Кыргыз Туусу” гезитинин № 8 (24978) санынын беттеринде Жогорку Кеңештин депутаттыгына көп мандаттуу № 13 шайлоо округу боюнча талапкерлер Абдразакова Гульнара Пазылжановнанын жана Эгембердиев Арсланбек Абдыкайимовичтин шайлоо алдындагы программалары, ошондой эле маалыматтык материалдары жарыяланганы аныкталган.

2026-жылдын 1-мартына дайындалган № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планына ылайык, 2026-жылдын 9-февралы шайлоо алдындагы үгүт башталган күн деп белгиленген.

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгынын Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнөн жаран Чилянов Нуралы Асановичтин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар келип түшкөн.

Келип түшкөн материалдарга ылайык, 2026-жылдын 6-февралында WhatsApp мессенджериндеги 1978-жылкы жарандардын тобунда Н.А. Чилянов № 13 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер Чомоев Алмазбек Алтынбековичти колдоого чакырып, “Элим үчүн кызмат кылам” аттуу үгүт баракчасын таратып жаткандыгы аныкталган.

Жумушчу топ талапкерлер Апсабырова Гүлнура Байышовнага, Абдразакова Гульнара Пазылжановнага, Эгембердиев Арсланбек Абдыкайимовичке жана Базар-Коргон районунун тургуну Чилянов Нуралы Асановичке карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштаган.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, КР БШКсы №13 шайлоо округунан талапкерлер Г. Апсабыровага, Г. Абдразаковага, А. Эгембердиевге жана Н. Чиляновго административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүп, 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, ал эми «Кыргыз Туусу» жалпы улуттук гезитине 280 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салуу милдетин КР БШКнын ыйгарым укуктуу кызмат адамына жүктөдү.

 

Последние новости