www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу пикирин билдирди.
- Эми алар эки дос да, алар бири-бирин ташташпайт. Алар нан тиштешкен достор, кучакташкан достор. Аларды эч ким бөлө албайт, - деген көз карашын айткан Токторбаев.
Мындай пикири аркылуу президент экөөнүн мамилеси бузулбай турганын айткысы келген. Бирок учурда Токторбаев дагы саясий бороондун капшабына кабылып, жакынкы арада кызматын тапшырат деген каңшаар социалдык тармакты аралап кетти.
Чынында Жеңиш Токторбаев Ташиевдин эң жакын досу, классташы катары командада иштеши кыйын. Демек, айтылып жаткан сөздөрдүн жүйөөсү бар. Ошентсе да, “бечелге жөтөлдүн эмне кереги бар” демекчи, “чычкан ийинине кире албай жатып куйругуна калбыр байлат” болуп пикир айткан жоругу кызык болду.
Айткандай, эми мурдагыдай азуусун айга жанып, жасаган иши чымындай болсо аны тоодой көрсөтүп пиардын добулбасын койгулап иштей алар бекен? Ким билет?