www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында чоңойгон Жылдыз Тургунова 3 жылдан бери Нарын ШИИБде тергөөчү болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Ата жолун улаган кыз

Атам милициянын ардактуу эс алууга чыккан подполковниги. Өмүр бою тергөөдө иштеген. Мен да атамдай тергөөчү болуп иштеп жатам. Өзүм 2011-жылы К.Акматаалы атындагы орто мектебин аяктаган соң, Бишкек шаарындагы Э.Аалиев атындагы ички иштер академиясында билим алдым. Ал жерди 2016-жылы аяктагам. Эң кызыктуусу окууну бүтүп келерим менен 3 күнгө жетпей ишке орношкондугум боюнча буйрук чыгып калды. Ошентип Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө тергөөчү болуп калдым. Өзүм тергөөчүнүн кызы болгондуктанбы же 5 жыл академияда окуп жүргөндүктөнбү жумушка бат көнүп кеттим. Мени атам бул кызматка алдын ала эле даярдап коюптур. Атам иштеп жүргөндө эле башынан өткөргөн окуяларын, практикасынан бизге мисал кылып айтып берип чоңойткон. Ошондуктан өзүмдү кичинекей кезимден эле тергөөчү катары көрчүмүн.

Убактылуу кыйын күндөр

Жогорку окуу жайда билим алып баштаганда аябай кыйналдым. Кыйналганымды үйдөгүлөргө айтып жүрдүм. Атам: «Мындан да көп кыйынчылыктар бар, башынан ушундай кыйынчылыкка чыдай албасаң сенден милиция чыкпайт», - деп айткан. Ошол сөз намысыма тийиптир. Андан кийин атама да такыр чалбай калдым, апама дагы кыйналганымды айткан жокмун.

Биз окуп жүргөн кезде бир мугалим бар эле. Ал: «Мынакей, акырындык менен көнүп каласыңар. Кийин өзүңөрдү формачан төрөлгөндөй сезип, 3-4-курста кыйналбай каласыңар», - деп айтса мен түшүнбөптүрмүн. Анткени бир тартипте жүргөнгө да көнөт экенсиң. Кийин жеңил болуп калды.

«Мени камап койчу» деп жалдыраган аксакал

Өткөн жылдары уурулук боюнча бир кылмыш болду. Бир адам дүкөнгө соода кылганы кирип, баштыгын унутуп кетиптир. Сыртка чыгып кетип, кайра кирсе баштыгын таппай калат. Анын ичинде алтын саат, паспорту бар экен. Ал кылмыш ачылбай жүрдү.

Бир күнү ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, кылмышка шектүү деп өтө улгайып калган адам кармалды. Ал киши менен сүйлөшүп отурганда ыйлагысы келип турду. Ал мага: «Ооба, мен алгам, мен буга чейин көп жолу соттолгом», - деп кылмышын айтып берди. Далил чогултуп баштаганыбызда баары төп келип калды. Буга чейинки соттолгонун текшерсек 9 жолу сот жоопкерчилигине тартылыптыр. Барында тең камакта болгон, бул жолкусу онунчусу экен. Баары уурулук, андан башка кылмыш кылган эмес. Эч үйлөнбөптүр, үй-бүлөсү, бала-чакасы жок экени белгилүү болду. Себеби ата-энеси да эчак каза болуп, бир туугандары жок болгон. 14 жашынан баштап кылмыш кылып жүрүп, өспүрүмдөрдү камачу жайга соттолуп, ошол күндөн бери камакта келе жатыптыр. Түрмөдөн чыгып эле кылмыш кылып, кайра чыгып кылмыш кылып келген. Аябай боорум ооруп, камабайын деген ойдо болгом. Тергөөчүлөргө камап же камабай тергейсиң деген 2 жол бар. Ал менден: «Таптакыр эркиндикте болгон эмесмин, түрмөгө көнүп калгам. Мени ал жерде сыйлашат, ысык чай, тамагын беришет, ал жак жылуу, бул жер суук, өлүп калам. Андан көрө мени кетир, жылуу-жумшак ошол жерде болоюн», - деп аябай суранган.

Турмуш кура элек тергөөчү бийкеч

Тергөөдө көп адам менен иштешип калдым. Турмушка болгон көз карашым өзгөрүп калды. «5 жыл сүйлөшүп турмушка чыктым, күйөөм кызганып, сабап жатат» дегендер болот. Кээ бирлер «кайын журтум мени сабайт, ошонун айынан ажырашайын деп жатам» деп келишет. Ошон үчүн турмушка чыгуу жөнүндө ойлонгондо өзүмдө кандайдыр бир коркунуч сезимдер туулат. Турмуш кура турган жигит мени түшүнүп, жөлөк болушу керек. Байлык, бийликке умтулбайм. Алар адамдар жетип алчу нерсе. Жакшы балага турмушка чыксам, экөөбүз чогуу жетип алабыз.

Тергөөчү бийкеч жакында эле ага лейтенант наамына ээ болду.

Булак: "Турмуш"

Последние новости