www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык мусулмандар өлкөнүн Пенсильвания аймагынын Питтсбург шаарында синагогага жасалган кол салууну айыптап, каза болгондордун үй  - бүлөлөрү үчүн жардам кампаниясын баштады.

Америка  - ислам карым  - катнаштары кеңеши да билдирүүсүндө кол салууну «коркоктук жана саткындык» деп мүнөздөп : «Бул трагедияны жашаган жана толук колдоо берген коңшуларыбызга каалгаларыбыз дайыма ачык»,- деди.

Бир тараптан америкалык мусулмандар : «Мусулмандар Питтсбург синагогасынын курмандыктары үчүн биригип жатат» деген темада жардам кампаниясын баштатып, кол салууда каза болгон жана жараланган үй  - бүлөлөр үчүн акча чогулта башташты.

25 миң долларлык максатка бир гана 6 саатта жетишкен жардам кампаниясы чогултулган сумманын 75 миң доллардан ашкандыгын билдирди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости