www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Республикасынын негизделишинин 95 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Стамбул шаарына келген  Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай  Жээнбеков кече, 29-октябрда Пакистан Ислам Республикасынын Президенти Ариф Алви менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги талкууланды.

«Кыргызстандын ШКУга төрагалыгынын алкагында келерки жылы конструктивдүү диалогду улантууга жана колдоого даярмын. Мен Сиз менен дагы бир жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта болом», — деп баса белгиледи Президент жана кыргыз тарап 2019-жылдын июнь айында  ШКУ мамлекеттер башчыларынын Саммитинин алкагында анын Бишкекке визитин күтөөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары, Пакистанда кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, анын ичинде Кыргызстандын жараны А. Айылчиеванын жашы жете элек уулун кайтарып берүү тууралуу кайрылуусу жөнүндө маселелер козголду.

Өз кезегинде, Пакистан Президенти Ариф Алви Кыргызстандын жараны А. Айылчиеванын кайрылуусун жеке көзөмөлүнө ала турганын жана Пакистандын территориясында чет өлкөлүк жарандардын укуктарынын бузулушуна жол бербестигин баса белгиледи. Мекенине кайтып келери менен Ариф Алви Пакистан ички иштер министрлигинин башчысын чакырып, ага тийиштүү тапшырмаларды берет.

Өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүүнү көбөйтүү максатында Пакистан лидери Бишкек-Исламабад түз авиакаттамын ачууну жана биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу жана талкуулоо үчүн  бизнес өкүлдөрүнүн өз ара визиттерин уюштурууну сунуш кылды.

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда чет өлкөлүк инвесторлор үчүн абдан эле либералдуу мыйзамдар бар экенин белгиледи.

Ариф Алви Кыргызстан лидерин ыңгайлуу учурда Пакистанга визит менен келүүгө чакырды деп билдирет президенттик аппарат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости