www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин башчысы Владимир Зеленский россиялык аэродромдорго жасалган террордук чабуулдардын жоопкерчилигин алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналына жазганын РИА Новости кабарлады.

Зеленскийдин айтымында, операцияны Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Василий Малюк жетектеген.

"Чабуулга 1,5 жыл даярдандык. Жалпы 117 дрон тартылган", — деп жазды Зеленский.

Жекшемби күнү РФ Коргоо министрлиги Киев режими FPV-дрондорду пайдалануу менен Мурманск, Иркутск, Ивановская, Рязань жана Амур облустарындагы аэродромго сокку урганын кабарлаган. Ивановская, Рязань жана Амурда чабуулдун мизи кайтарылган. Мурманск менен Иркутскиде авиациялык техникадан өрт чыгып өчүрүлгөн. Чабуулдан жабыркагандар катталган эмес.

Последние новости