www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Токмок шаардык милиция кызматкерлери кафенин алдында өспүрүмдөрдү уруп-сабоого катышкан жарандарды кармады. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 1-июнда болжол менен саат 01:10 чамасында Токмок шаарынын тургуну тарабынан билдирүү түшкөн. Анда Токмок шаарындагы кафелердин биринин жанында белгисиз адамдар официант болуп иштеген балдарды сабап кетишкени айтылган.
Окуя болгон жерге дароо Токмок ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлүп, ошол жерде жаран 1988-жылы туулган жаран кайрылган. Ал өз арызында анын 2009-жылы туулган уулу сабалганын билдирген. Ошондой эле Токмок шаарынын тургуну дагы кайрылып, анын 2011-жылы туулган уулу да жабыркаганын билдирген. Эки өспүрүм тең дене жаракаттары менен ооруканага жеткирилген.
Тергөөдө такталгандай, жабырлануучулар кафеде официант болуп иштеп жүрүшкөн. Иш-чара бүткөндөн кийин айрым коноктор кафенин аймагында спирт ичимдиктерин ичүүнү улантышкан. Официанттар аларга кафенин аймагын бошотууну айтканда, ортодо жаңжал чыгып, өспүрүмдөр сабалган.
Шектүү катары 3 жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Жабырлануучулар мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суракка алынды.