www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы аң сезимдүү адамдар Бишкек ТЭЦинин айланасындагы жаңжалдардан алигече өздөрүнө келе элек. Бизде коомду коррупциялык көрүнүштөр сары чырмооктой чырмагандыгын элдин бардыгы билет, ал чындык, бирок Бишкек ТЭЦин модернизациялоого байланышкандагыдай, жунглидегиден бетер мыйзамдарды да, башкаруу органдарындагы регламенттерди да ачыктан ачык тебелеп тепсеп, коомчулукту, элди жаш баладай алдап, мамлекетке мынчалык өлчөмдө зыян келтирүү фактысы буга чейин Кыргызстандын жаңы тарыхында болгон эмес. 

Ооба, Кумтөрдүн чатагы болгон, ал азыр деле тыйыла элек, бирок Кумтөр үчүн Кыргызстандын эл аралык уюмдарга, банктарга карыз эместиги да чындык.

Ал эми Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо артында экс-президент А.Атамбаев турган бир ууч адамдар кылымдын аферасын ишке ашырышып, ТЭЦтин мурдагы директору Н.Өмүркуловдун айтуусу боюнча, 150 млн. доллардын тегерегиндеги каражатты уурдап, 500 млн. долларлык карызды өлкөбүзүн мойнуна илип коюшту. Укуктук, демократиялык өлкөбүз деген Кыргызстанда диктатуралык түзүлүштөрдө да болбос мындай аферанын кантип ишке ашып кеткендигин карапайым эл түгүл, аны ратификациялаган депутаттар да түшүнө албай жатышат.

Аферисттер коомчулукту, элди кантип алдашкан?

Афералык долбоордун максатын, параметрлерин А.Атамбаев, С.Исаков, А.Калиев, С.Авазов, Ж.Сатыбалдиев, О.Артыкбаев, Э.Абдылдаев баштаган бир ууч адистерден, ТВЕАнын жетекчилеринен башка эч ким билген да, түшүнгөн да эместиги ачыкка чыкты. 

Адегенде жогоруда аталгандар республикалык ЖМКларда Кытайөкмөтү жеңилдетилген шарттарда берген каражаттын эсебинен Бишкек ТЭЦи модернизацияланса, ал толугу менен жаңыланып, электр энергиясын иштеп чыгаруу эки эседей көбөйүп, жылуулук энергиясын берүү 30-40 пайызга жакшырары жөнүндөгү жагымдуу маалыматтарды жарамазандай жаадырышкан.

Ал тууралуу А.Атамбаев да, С.Исаков да, А.Калиев да, Ж.Сатыбалдиев да ыгы келген да, келбеген да жерлерде сайрашкан. Парламентте ратификациялоону ошондой аргументтердин негизинде тездетишкен. Көрсө, алар элди алдап, коомчулукту адаштыруу үчүн эле айтылган кыпкызыл жалгандардан экен.

Биринчиден, ал кредит Кытай өкмөтүнөн келбептир, ТВЕАнын талабы боюнча коммерциялык “Эскимбанк” бөлүптүр. Кытай Өкмөтүнүн коммерциялык каражатка кандай тиешеси бар экендиги түшүнүксүз. Коммерциялык банктардын ишине мамлекет, өкмөт кийлигишпей тургандыгын бешиктеги бала деле билет. Бирок жогоруда айтылган адамдар өздөрүнүн афераларына саясый түс, салмак берип, аны тездетүүүчүн “каражат Си Цзиньпин менен А.Атамбаевдин макулдашуусунун негизинде бөлүнүп жатат” деп айтышкан. Дагы деле ошондой өңүттө көрсөтүүгө аракеттенишүүдө.

Экинчиден, ТВЕА менен контракт Кыргызстан үчүн эң оор кабалдык шартта түзүлгөн. Биринчи качкын президенттин тушундагы кредиттердин бардыгы 0,75, 1, айрымдары гана 1,5 пайыздык үстөк менен алынса, “Эскимбанктан” 2 пайыздык үстөк менен алынган. Эл аралык финансылык уюмдар, мамлекеттик банктар кээде төлөөчүлөрдүн шарттарына, талаптарына жараша карыздарды кайра карап, реструктуризациялап (мөөнөтүн узартып) , айрым бөлүктөрүн кечип да турушса, коммерциялык банктар эч качан андайга барышпайт. Деги эле биз Кытайдын бир өлкөнүн карызын кечиптир дегенди уга элекпиз. Карызына жерин алып коюптур, тоо кен байлыктарын концессияга берүүгө мажбурлаптыр (Мисалы, карызы үчүн Тажикстандын тоо кендерин алышты) деген маалыматтарды гана угуп келатабыз. Бул өңүттөн алганда, экс-президент баштагандар Кыргызстандын келечектеги коопсуздугуна аябагандай чоң залакасын тийгизе турган кыянаттык кылышкан. Кытайдан алган карыздарыбыздан убагында кутула албасак, сөзсүз Темир-Тоону, Кара-Кечени же ГЭСтердин бирин концессияга берүүгө аргасыз болобуз. Алар Ош-Эркечтам автожолун да сурашы мүмкүн.

Үчүнчүдөн, жогоруда айтылган ыймандары жоктордун “ТЭЦ толугу менен жаңыланып, модернизацияланат” дегендери да карандай калп экен. 386 млн. долларга ТЭЦтин 30 пайызы гана модернизацияланыптыр. Калганын жаңылоо үчүн Кыргызстандын мойнуна дагы 900 млн. долларга жакын каражатты илүү ниеттеринде бар экен. Армениядагы биздикиндей кубаттуулуктагы жаңы ТЭЦтин 285 миллион долларга, 3 миллион калкы бар Минскидеги жаңы ТЭЦтин 275 млн., Алматыдагы ТЭЦтин 175 млн. долларга бүткөндүгү айтылууда. Ал эми биздин ТЭЦти толук жаңылоо үчүн 1 млрд. 300 млн.  доллардан ашык акча талап кылынат экен. Же атың өчкүр АШАнын тушунда энергетиктерибиз алкымдары чоңдору менен бирге терибизди тескери сыйрып алганга камданып калышкан экен, дагы кудай сактаптыр.

Төртүнчүдөн, Бишкек ТЭЦин модернизациялоо эч кандай сметасы, долбоору, техникалык-экономикалык негиздемеси жок, эч кандай тендерсиз, ички-тышкы эксперттерсиз, айылдагы атканалардын бирин ашар менен кургандай эле ЕРСтик контракт дегендин негизинде импровизациялык түрдө ишке ашырылыптыр.

Ошондуктан объектидеги негизги суу тазалап берүүчү түйүн убагында жаңыртылбай, ал жерге ылай толуп, 2017-жылдын 26-январындагы авария келип чыккан. ТЭЦтин негизги сырьёсу суу болсо, жылуулук да, электр энергиясы да суу аркылуу алынса, анан сууну тазалоо эстен чыгып калса, ал жердеги иштерге деги кандай адистер жетекчилик кылышкан?

 Адатта карыз алган тарап акчаны эмнелерге, кандай сарптоо керектигин өзү чечет. Бул эбактан келаткан эл аралык нормалардын бири. Кыргызстандын мыйзамдарында деле мамлекеттик сатып алууларды тендер аркылуу тийиштүү мамлекеттик органдар же комиссиялар гана жүргүзүүсү керектиги көрсөтүлгөн. Бирок “Эскимбанк” кредитке бөлгөн каражатты кандай сарптоо керектигин ТВЕА өзү гана чечкен.

Ошон үчүн кычкачтар 600 долларга чыккан, 40-50 миң долларлык лифттер 350 миң доллардан кириштелген, кеңешчилердин эмгек акылары делинип 6 млн. доллар, эски жайларды, жабдууларды демонтаж кылгандарга 19 млн. доллар төлөнгөн (мынча акчага 624 орундуудан 10 мектеп курулмак). Чарбалык практикада аткарылган иштер жабдуулардын бааларынын жарымына да жетпесе, Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо 40 пайыздайга ашып кеткен.

Булар аз келгенсип ЕРСти (долбоор жок) техникалык жактан көзөмөлдөөчүнү табуу укугу да ТВЕАга берилген. Же “акчаны өзүң каалагандай сарпта, өзүң кур, өзүң көзөмөлдө” дегендикке жатат. Ал эми калгандарын айтпай эле коёлу, тергөөнүн жүрүшүндө дагы көбү ачыкка чыгат. Бир сөз менен айтканда, Кыргызстандын мойнуна илинген каражаттарды эки тараптан уюшкандар асмандан өзү түшкөн бекер акчадай эле майкандашкан. Бул бешинчиси.

Алтынчыдан, ТВЕА менен контрактты Кыргызстан тарап өз укугун коргой албай турган, эгерде талаш маселе боюнча сотко кайрылса, сөзсүз утула тургандай шартта түзүлгөн. Анын биринчиси - ТВЕА кыргыз тарапка каражаттардын сарпталышы боюнча отчёт бербейт дегенден көрүнсө, экинчиси - талаш маселе Гонконгдогу арбитраждык сот тарабынан гана каралат дегенден айкын болуп турат.

Эгерде Кыргызстан 100 млн. доллардан ашык үстөгү бар карыз алган 386 мл. н долларынын кайда жумшалгандыгы жөнүндө отчёт сурай албаса, мурдатан мафиоздордун мекени болгон, Кытайдын юрисдикциясына да толук кире элек Гонконгдогу арбитраждык соттон (ал жерден кандай чечим чыгарын ким деле болсо алдын ала айта алат) башкага кайрылууга укугу да калбаса, бул өз аты менен ачык айтканда эл аралык деңгээлдеги рейдерлик карактоо эмей эмне?

Жетинчиден,  кредитке бөлүнгөн каражаттардын 25 млн. доллардайы алигече өздөштүрүлө элек экендигине карабастан Кыргызстан толук суммадан үстөк пайыздарды, аларды тейлөөгө кеткендерди төлөй баштады. Аны сүрүштүрүп, бир нече жүз миң долларды да болсо, Кыргызстанда калтыралы деген эч ким жок.

Эгерде ТВЕА ЕРС контрактка ылайык, модернизациялоону 36 айда толук аткарып бүтүүгө, андан өткөн ар күн үчүн туум төлөөгө милдеттенсе, 44 ай өткөндүгүнө карабастан аны аткарбады. Убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынтыгына ылайык, туумдук (пеня) суммалар 34 млн. доллардан ашыптыр. Контрактка кол койгон ”Электр станциялар” ААКсы, “Энергохолдинг” аны өндүрүүгө да аракет кылбай жатат.

Сегизинчи, АША жадабай кайталап келген Айдардын, Максимдин, Ширшовдун коррупциялык схемалары ТЭЦти модернизациялоодогу коррупциялык схемалардын жанында шоона эшкенге да жарабай калды. Эгерде ТЭЦти модернизациялоодо 17 субподрядчик иштесе, алардын 4сү соцфондуга катталбагандар же жөн эле көчөдөгү шабашниктер экен.

Стратегиялык объектини оңдоону андай подрядчиктерди тапшыргандарды эд душмандары деп атасак жаңылышпайбыз.

Экс-премьер министр Ж.Сатыбалдиев парламенттеги талкууда: Эгерде эскини модернизациялагандын ордуна жаңысын курса, арзан болмогун мойнуна алды. Бирок ал эмнеге андай сөзүн премьер-министр болуп келер замат айткан эмес? Демек, ал чоң мамлекеттик кызматта турганда мамлекетке аябагандай чоң көлөмдөзыян келтире турган коррупциялык схеманы көрүп, билип туруп, анын алдын албагандыгы үчүн да укуктук жактан жооп берүүсү керек. Кылмыш кодексинде да кызматтык шалаакылык, кайдыгерлик үчүн да беренелер бар.

Мамлекеттин өмүрүнүн же өлүмүнүн маселеси

Өлкөбүздү мына ушундай карактоого ортоктош болушуп, ал үчүн өз акыларын алышкандардын (ансыз жогорудагыдай абсурддук, чыккынчылык көрүнүштөр ишке ашмак эмес) парламентте коноктогудай бейгам отуруп алышып, кайра бизге акыл үйрөтүп жатышкандары кыжырды гана келтирет.

Бул бизде “жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат”, “уурусу күчтүү болсо, мал ээсин доого жыгат” дегендей, коррупциялык көрүнүштөргө аралашкандарды көздөрүн биротоло май басып, байлыктарына ыксырап, укук коргоо органдары түгүл, мамлекетти да тоотпой калгандыгын гана айгинелейт. Эгерде азыркы бийлик Бишкек ТЭЦин модернизациялоого байланышкан коррупциялык көрүнүштөрдү иликтөөнү аягына чыгарып, аларга тийешеси барлардын бардыгын жазага тарта албаса, анда мыйзамдуулук тууралуу сөз кылып деле кереги жок. Элдин ишеничинен кетет, коррупция азаймак түгүл көбөйө берет. Бул маселе азыркы бийлик үчүн чечүүчү сыноо, кароо болуп турат.

Кытайдын азыркы лидери Си Цзиньпин бийликке келери менен коррупцияны “өмүрдүн же өлүмдүн маселеси” деп атап, ага каршы элдешкис күрөш жарыялаган.Коррупциялык иштерге аралашкандыгы үчүн өткөн жылы 1,3 млн.го жакын адам жазаланып, алардын ичинен КПК БКнын Саясый бюросунун мүчөсү баштаган 2 миңге жакын адам өлүм жазасына тартылды. Эгерде мындай афера Кытайда ашкереленсе, ага негизги күнөөлүүлөр алда качан эле соттолуп, анабашчылары атылып да кетмек.

Кыргыз тарап ТВЕАнын жетекчилиги өлкөбүздүн мурдагы айрым жетекчилери менен биргеликте коррупциялык иштерди жасагандыгын аныктап берсе, С.Исаков, Э.Абдылдаев экөөсү айтып жатышкандай эки өлкөнүн мамилесине доо кетпейт, тескерисинче Кытайдын жетекчилиги ырахматын гана айтып, тийиштүүадамдарды ошол замат камакка алып, катаал чараларды көрөт. Анткени, элестүү айтканда, Кытайдын укук коргоо органдары күндүз да чырак менен коррупционерлерди издеп жүрүшөт. Аларда коррупцияга каршы ырайымсыз күрөш - мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бирине айланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости