www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
17-январдагы митингдин башында Мискенбаев менен Карамушкина турабы? Бул тууралуу маалыматты Фейсбуктагы "Трибуна" тайпасы жазып чыкты.
"7-январда Бишкекте 200дөй адамдын катышуусунда митинг өтүп, анда кытайларга каршы пикирлер айтылган эле. Ошол эле учурда иш-чаранын айрым катышуучулары акциянын максатын башкага буруп, түз эле президентти айыптай баштаган. Мунун себеби да кийинчерээк белгилүү болду. Көрсө “антикытай” деген ураанды жамынган бул митингди экс-президент Алмазбек Атамбаев уюштурган экен. Бул АШАнын “торпедасы” Мээрбек Мискенбаевдин ошол жерде бетин жаап жүргөнү менен тастыкталган. Мискенбаев митингде сөз сүйлөбөсө дагы, ошол митингчилерден бир аз окчунураак туруп алып, сүйлөп аткандарга баам салып, айрымдарына команда берип турганын тастыктаган фото-видеодалилдер бар.
Эң кызыгы бул митингге кыргызга эзели күйбөгөн, биздин улутту шылдыңдап келген Ирина Карамушкинанын сыртынан баам салып турганы болууда. Ал митинг болуп жаткан аймактагы китепканын жанында небересин жетелеп, эс алып жүргөндөй түр көрсөтүп, айрымдарына кол жаңсап, акырын жер төлөдөгү ашканага кирип кеткенин көргөндөр бар. Ал жактан айрым катышуучуларга акча таратканы боюнча да сөздөр айтылып жатат. Мына ушул фактынын өзү эле 7-январдагы митингдин башында АША турганын дагы бир ирет далилдейт.
Атамбаев “эс алам” деген шылтоо менен 11-январда Индияга сапар тартканы турат. Бул анын жөн гана шылтоосу. Ал сырттан “антикытай” акциясын күчөтүү боюнча башка күчтөр менен жолугат деген кептер да айтылууда. Ошол эле учурда Карамушкина менен Мискенбаев 17-январдагы митингдин башында да турганы жатыптыр. Тынч жаткан элди козутуп, туруктуулукка коркунуч жаткан мындай адамдарга укук коргоо органдары тез арада чара көрүшү зарыл. Элге тынчтык керек", деп жазат "Трибуна" тайпасы.
Булак: NazarNews.kg