www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чаткал районунун Терек-Сай айылында алтын кенин иштеткен "Чаарат Заав" фирмасына техника алып бара жаткан 25 жаштагы айдоочу окко учуп каза болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” фирмага техника жеткирүүчү жалданма компаниянын атын атагысы келбеген өкүлү билдирди.
Окуя 10-январга караган түнү саат 2лер чамасында Терек-Сай айылында болду.
- Кенге эки техниканы башкарып бараткан эки айдоочу менен эки шеригин жолдо белгисиз адамдар тороп, акча доолашкан. Бул маалыматты бизге ошол замат айдоочулар телефон аркылуу билдиришкен. Жол торогондор менен сүйлөшүп, алар жолун улаган. Кийин 8 чакырымдан соң артынан кууп барып, айдоочуну атып салышкан. Ал ооруканага жетпей жолдо каза болуп калды. Окуяга байланыштуу 4 жергиликтүү тургун кармалган, - деди компаниянын өкүлү.
Сөөк Ала-Бука районуна жеткирилген. Ала-Бука райондук аймактык ооруканасынан билдиришкендей, учурда каза болгон адамдын денеси өлүкканада сакталып, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп жатат.
Айдоочу атылып өлтүрүлгөнүн Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы ырастап, окуя такталып жатканын билдирди.
Чаткалдагы Терек-Сайдагы кендин айланасындагы буга чейинки чырга байланыштуу 15 адам кармалып, 13 үй камагына чыккан. Кылмыш иши козголгон, иликтөө иштери уланууда.
Булак: NazarNews.kg