www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттигине белгилүү парапсихолог Алмакан Бекова жакында эле Орусиянын Москва шаарына барып келген. Кыргыз неберелеринин жаркын келечегине кайдыгер карабаган инсандын бул тууралуу толук оюн берүүнү туура көрдүк.
- Жакында эле Москвага барып келдиңиз, эмне максат менен бардыңыз?
- Биринчиден көзүм менен көрүп, кулагым менен угуп, Кудай буйруса менин небере, чебере, кыбыра, тыбыраларымдын жашоосу жакшы болот экен деп, сүйүнүп, ушул иштин артынан жүрөм.
Бул сөз кайдан чыкты деген суроого жооп: Россиядан келген Россиянын жараны Николай ll деген Ак Падышанын Урпактарынын жанында жүргөн Володядан биздин Кыргыз Каганаты тарыхын угуп, картасын көрүп, биздин кыргыздардын тарыхын ар ким ар кандай кылып, өзгөртүп, өздөрүнүн кызыкчылыгына бурмалап жибергендерин укканда каным кайнап, жаным кашайды. Дагы бир жолу ынандым, биз Кыргыздар Улуу тарыхы бар Баатыр Эл экенибизге. Баарын убакыт көрсөтөт дегендей, Ата Бабалардын Мурасы бизге калганына чексиз шүгүрлөр келтирдим. Биздин маалыматыбыздын жоктугунан, бүгүнкү күнү көрүнгөн жерде, эптеп жан багып, жүргөнүбүзгө зээним кейиди. Мына ошол Россия жараны Ата Бабалардан калган мурастын документтеринин көчүрмөлөрүн, мөөрү менен көрсөттү. Бул документтердин оргиналы Кремлде болсо, ачкычы кыргыздарда.
Документсиз кыргыздар, ачкычсыз орустар ала албайт деди. Мураска тиешелүү документтер Мурасты алууга даярдалып жатат. Быйылкы 2019-жыл Мурасты алуунун жылы. Мурасты алуунун жолдору жана кайда, кантип жумшаларынын проектиси иштелип чыкан. Ал үчүн Кыргыздар бар, тирүү экениңерди тастыкташ үчүн СССРде туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн, военный билеттеринин жана комсомолго өткөн билеттеринин копияларын, 3.4 размердеги бир сүрөтүн, телефон номерлерин бериш керек. Эмне үчүн дегенде бүгүнкү биздин паспортто улутту кыргыз деген жок. Паспортуңарда эмне үчүн кыргыз деген улутуңар жоголгонунун түпкү тамырын эми түшүндүңбү деди. Ж.б.д.у.с. сөздөр көп айтылды.
- Ошол айтылган сөздөргө ишендиңизби?
- Айткандарынын баарына мен ынандым, ишендим, Кыргыз элинин пайдасын ойлодум, ошондуктан урпактарга жакшы жашоо болсун дедим. Оба жакындарым, үй-бүлөөм, бүгүнкү күндө биздин Кыргыздар чындыкка караганда жалганга көбүрөөк ишенип, көп жолу алданышып "сүткө оозу күйгөн, айранды үйлөп ичишет" болуп калган, кой тынч отур дегендерин укпай, элге бир пайдасы болсун деп, аракет кылып жатам. Жыйынтыгын өзүңүздөр көрүп жатасыздар. Бирок мен токтобойм, чындыкты акырына чыгарам. Ал үчүн сиздердин колдооңуздар керек!!! Фейсбук аркылуу табышып пикир болушкон кадырлуу достор! Көптөн бери бирөөлөрдөн алып бирок жүрөк түпкүрүндө жашап келген аярлуу маалымат менен бөлүшүп баштоону туура коруп турамын. Албетте, аз-аздан жарыяланып башталчу аярлуу маалымат кимдир бирөөгө ишенимдүү, кимдир бирөөгө ишенимсиз, кимдир бирөөлөрдүн АЛКЫШЫНА ээ болушу мүмкүн. Канча жылдан бери бул жашоонун ысык-суугуна күйүп, бардык нерсени башымдан өткөргөн инсан катары адамдардын ар багыттагы айтылчу ойлору бул - «Беш кол барабар эмес» дегенден эле кабар берет. Эн негизгиси, акыйкатсыздык жан дүйнөмдү уйгу-туйгуга салып тургандыгына байланыштуу, сыр катары сактап өткөзүп кое бербестен, акырындап жарыялай баштоону негизги милдеттеримдин бири деп чечтим.
- Ошондо тарых бурмаланганбы?
- Кыргыз тарыхы боюнча алтынчы кылымда Кыргыз Каганаты деген бизде мамлекет болгон. Тарых булактарында Кытай, Араб, Германия боюнча чон тарыхый маалыматтар жана карталар бар. Ушул маалыматтар алтынчы кылымдан он биринчи кылымга чейин Кыргыз Каганаты Камчаткадан Брестке чейин, Мурманскийден Кушкага чейинки жерлерди камтыган. Мындайча айтканда, жалпы Советтер Союзунун бардык территориясын ошондогу Кыргыз Каганаты ээлеген. Алтынчы кылымда Кыргыз Каганаты менен Кытай империясынын Тан династиясында дипломатиялык өз ара келишимдери болгон. Анткени Кытай Тан империясы Кыргыз каганатын эгемен күчтүү мамлекет катарында таанып билген. Ошол убактагы түзүлгөн келишимдер бүгүнкү күнгө чейин Кытай жана СССРдин архивдеринде сакталуу. Ошол убактагы Кыргыз Каганатынын жери Кытай империясынын жеринен бир канча чон болгон. Бул маалымат Кыргыз Каганатынын эгемендүү чоң мамлекет экендигин далилдейт. Андан ары улантсак, Кыргыз Каганаты тагыраак айтканда, он биринчи кылымда ич ара келишпестик уруу-урууга бөлүнүшүп, так талашуунун негизинде жана сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү менен Кыргыз Каганаты чачылып, ыдырап баштаган. Андан кийин Кыргыз Каганаты жоюлуп, он экинчи кылымда Алтын Ордо доору башталган. Кыргыз Каганатындагы башкаруу система Курултай органы болгондугуна байланыштуу ошол күндөн ушул күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча Кыргыздар менен Монголдордо гана колдонулуп келет. Курултай деген бул уруулардын жыйыны. Ошол жыйын, курултайда уруулар Ханды шайлаган, согушуу же тынчтык жөнүндөгү, же болбосо журт которуу чечимдерди кабыл алышкан. Каганаттын курултайынын жетекчилиги Чыңгыз ханга өткөрүлүп берилген. Кыргыз Каганатынын негизинде Алтын ордо мамлекети түптөлгөн. Анын мураскери Чынгыз хан болгон. Ошон үчүн так кесе тике айтууга болот Алтын ордону кыргыздар түптөгөн азыркы монголдор эмес. Экинчиден тарыхты андан ары улай турган болсок, Кыргыз Каганатынын жериндеги бардык укуктарын Алтын Ордо кармап турган, бирок, жерди андан ары кенейткен. Европа, Япония Кытай, Корея Англия Франция ошондой эле Ватикан баш болуп. Баардыгы Алтын Ордого баш ийип, буйругун аткарып турушкан. Алтын Ордонун чечимисиз, Чынгыз хандын мөөрү коюлмайынча Англиянын королу король боло алган эмес, Кытайдын императору император, Япония, Италия, Англия, Корея ошондой эле Ватикандын папа римскийи папа Римский боло алган эмес. Алтын ордодогу Чынгыз хандын мөөрү менен гана жетекчиликке бекитилишкен. Алтын Ордо Волганын жээгинде жайгашып чон резиденциясы болгон. Ал жерде ар бир өлкөнүн өкүлдөру, элчилери олтурган. Бирок ошондо Англия, Ватикан, Франция Корольдору чогулушуп сүйлөшүшөт, бул Алтын Ордону чачып, Чынгыз хандын мөөрүн алып калбасак болбойт деп кимдир бирөөлөр план түзүшкөн. Планында Алтын Ордону ыдыратып жок кылыш үчүн, бийликтегилерге өздөрүнүн кыздарын тартуу кылышкан. Чынгыз хан дүйнөдөн өткөндөн кийин моорду балдарына, бир туугандарына дагы таштаган эмес, мөөрдү эң жакын адамына гана таштаган. Ал киши Чынгыз хандын урук тукумуна гана жеткирүүгө ант берген. Кимдир бирөөлөрдүн планы ишке ашып, аялдары тарабынан уруш жаңжалдар чыгып Ордодо ынтымак кетип баштаганда Чыңгыз хандын ишенимдүү адамы Иван Грозныйга чабарман жөнөткөн. Иван Грозный ошол мезгилде Алтын Ордонун эң ишенимдүү адамы болгон.
- Иван Грозный ким болгон?
Жада калса Иван Грозный Чынгыз хандын тукумунан болгон дешет. Бул ачык айтылбайт, мамлекеттик денгээлдеги архивдерде сыр боюнча идеологиялык себептерден улам жашырылып келген. Муну эч ким жокко чыгара албайт. Ошол үчүн Иван Грозныйга мөөр тапшырылып, Алтын Ордонун укуктарын, жерлерин, байлыктары менен бирге Алтын Ордонун мураскери катарында өткөзүлүп берилген. Ошол күндөн баштап АК ПАДЫШАЧЫЛЫК, тагыраак айтканда Россия падышачылыгы орногон. Андан кийин баардыгы Ак падышага баш ийип, Англиянын, Германиянын, Япониянын, Кытайдын, Кореянын, Испаниянын жана башка мамлекеттердин ханзаадасы же баласы король болуп бекитилүүгө укук алуу андан ары уланып, Ак падышадан Чыңгыз хандын мөөрүн бастырып анан шайланып турушкан. Ошондон тартып Ак падышачылыктын мөөрүн тартып алуу максатында баардык мамлекеттер кол салып башташкан.
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg