www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Араб дүйнөсүндө белгилүү болгон Rassdnews медиа борборунун сурамжылоосуна ылайык Түркия башчысы Режеп Тайип Эрдоган дүйнөнүн мыкты лидери деп табылды. Жалпысынан “2018 жылдын эң таасирлүү инсандары” аттуу бул сурамжылоого 300 миңден ашуун киши катышкан.
Сурамжылоодо Түркия президентин “бүткүл дүйнөнүн алдыңкы лидери” катары катышкандардын 77% аташса, экинчи сапта аскердик төңкөрүлүш аркылуу бийликтен четтетилген Мысырдын эски башчысы Мухаммед Мурси орун алган.
Андан сырткары АКШ президенти Д.Трамп, Орусиянын башчысы Путин жана Сауд Араб падышачылыгынын башчысы Салман ибн Абдулазиз аль Сауд дагы таасирдүү лидерлердин катарын толуктаган.
“2018-жылдын эң маанилүү окуялары” деп көпчүлүк сурамжылоого катышкандар Стамбул шаарындагы Сауд Аравия консулдугунда белгилүү журналист Жамал Хашоггинин өлтүрүлгөнүн белгилешкен.
Нуриет Абдулазиз, NazarNews.kg