www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмокто 16 жаштагы кыздын апасы 17 жаштагы өспүрүмдү кызын зордуктоодо айыптап жатат. Бул тууралуу укук коргоо органдары билдирди.


Маалыматка караганда Токмок ИИББине 45 жаштагы аял 17 жаштагы Ш. Ш. аттуу  жаранга карата чара колдонууну сурап кайрылган.

Анын айтымында 2019-жылдын март айында  анын жашы жете элек кызын 17 жаштагы өспүрүм таштанды үйдө зордуктаган. 
Бул окуя жөнүндө аял 2020-жылдын 12-январында гана билип, 13-январда милицияга кайрылган. Бул факты боюнча КР Кылмыш кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен катталып, кылмыш иши ачылган.


Иликтөө иштеринин жүрүшүндө жигиттин өздүгү такталып, ата-энеси менен бирге ИИББна алып келинген. 
17 жаштагы окуучу жигит 2019-жылы июнда жабырлануучунун кызы К. Д. менен таанышып, ошол эле жылдын декабрь айында алардын ортосунда роман башталган.

Жигит зордуктоо болбогонун жана окуя эки тараптын ыраазычылыгы менен болгондугун кабарлады. 
Бул иш боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды.

 

Булак:NazarNews.kg

Последние новости