www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылы 50 сот жазаланды дейби?

2019-жылы   Жогорку соттун алдындагы тартип комиссиясына  850 дөн ашык кайрылуу келип  түшкөн. Бул тууралуу Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жогорку соттун алдындагы тартип комиссиясына 863 кайрылуу түшкөн.  Алардын ичинен комиссиянын чечими менен 456 кайрылуу кайра кайтарылган. 167 арыз боюнча тартип жоопкерчилигине тартуудан баш тартылган. Мындан тышкары, 52синен тартиптик жаза алып салынган;

Ал эми 50 арызды кароонун жыйынтыгы менен төмөнкүдөй жазалар каралган:

Эскертүү алгандар — 32,

Кызматы боюнча сын айтылгандар — 11,

Сөгүш алгандар — 5,

Ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн эрте бошотулгандар — 2,

Кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилгендер — 3.

Учурда 135 арыз кароодо турат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости