www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
РФ менен АКШнын Украина боюнча сүйлөшүүсү Сауд Арабиянын борбор калаасы Эр-Рияд шаарында 18-февралда өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу «Коммерсантъ» маалымат каражаты өз булактарына таянып билдирди.
«Сүйлөшүүгө АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио, президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолтц жана атайын өкүл Стив Уиткофф катышат», - дейт «Associated Press» маалымат каражатынын булагы. Уиткофф Сауд Арабияга Уолтц менен барарын тастыктады.
Ошондой эле жакынкы күндөрү Украинанын президенти Владимир Зеленский да Сауд Арабияга барат. Бирок ал Украина сүйлөшүүгө катышпай турганын билдирди.
«Bloomberg» маалымат каражаты буга чейин сүйлөшүүгө Россия тараптан президенттин жардамчысы Юрий Ушаков, Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин жана Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев катышарын жазган.