www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектелген жаран кармалды.
2026-жылдын 27-августунда кылмыш иши Ош шаардык прокуратурасынан тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 4-пункттары боюнча козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенген Ш.А. Ош шаарынын тургуну Г.А.га карата козголгон кылмыш ишин чечип берүү үчүн 2024-жылдын ноябрь-декабрь айларында 18 млн сомду башка эсепке которуу жана башка кылмыш иштерин козготпоо маселесин чечүү үчүн 34 миң АКШ долларын алгандыгы аныкталган.
Ш.А. өзүнө алган милдеттенмелерин аткарбастан, алган акча каражаттарын өз кызыкчылыгына жумшап, кайтарып берүүдөн баш тарткан. Натыйжада жабырлануучуга өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
2026-жылдын 30-августунда саат 19:07де шектүү Ш.А. убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 1-сентябрда ага айып угузулуп, Ош шаардык сотунун чечими менен 2026-жылдын 26-сентябрына чейин камакка алынган.
Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда. Тергөө жыйынтыгы менен мыйзам талаптарына ылайык тиешелүү процессуалдык чечим кабыл алынат.