www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда Улуттук коопсуздук комитетинин "мамлекетке чыккынчылык кылуу" айыбы менен 18 жылга соттолгон мурдагы башчысы Карим Масимовго каршы "Арам акчаны адалдоо" жана "Паракорлук" беренелери боюнча дагы эки кылмыш иши козголду. Бул тууралуу "Казинформ" агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, учурда бул иштер боюнча сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө. Буга байланыштуу Масимов түрмөдөн коопсуздук кызматынын Астанадагы тергөө абагына которулду.

Быйыл апрелде сот Карим Масимовду "Мамлекетке чыккынчылык кылуу", "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" жана "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары соттун өкүмү менен анын мүлкү конфискацияланып, өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынган.

Быйыл жыл башында Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов "Январь окуялары учурунда Масимов менен анын орун басары коопсуздук комитетинин Алматы шаарындагы, Кызылордодогу жана Алматы облусундагы имараттарын калтырып кетүү буйругун бергенин, кызматкерлер Алматы жана Жамбыл облусундагы полиция имаратын да таштап кетишкенин, ал жакта 3 миңден ашуун даана курал-жарак уурдалып, көбү азыркыга чейин табыла электигин" билдирген.

Мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин узак жылдардан берки санаалашы, 56 жаштагы Масимов былтыр 6-январда, өлкөдө нааразылык акциялары болгондо кармалган. Ал бир кездери премьер-министр да болгон.

Казакстанда газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланган жана тоз-тополоң менен коштолгон.

Расмий эсепте Январь окуяларында 238 киши набыт болгон. Алардын алтоо кармалгандан кийинки кыйноолордон көз жумган. Бир нече миң киши кармалып, жүздөгөнү ыдык көргөнүнө арызданган. Бирок андай фактыларга байланыштуу козголгон кылмыш иштердин көбү токтотулган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости