www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пашинян эмнеге өнөктөштөрдөн качып калды?

Октябрда Бишкекте өткөн КМШнын саммиттинен качып, келбей койгон Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жакында Минскиде өтө турган ЖККУнун саммитине барбасы белгилүү болду. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын пресс-конференциядан алып билдиргенине караганда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Белорус президенти Александр Лукашенкого 23 ноябрда өтө турган саммитке бара албасын билдирген.

Тоолуу Карабахты Пашинян  толугу менен Азербайжанга өткөрүп, армяндар Арменияга каптап келген соң ал таарынычын Орусия тараптан чыгарып чоң саммиттерге келбей жүрөт.Тоолуу Карабахтын Азербайжанга өтүшүнө Орусиянын тиешеси жок, анткени Франциянын президенти Макрон ортого түшүп атып, СССР убагында Азербайжандын курамындагы Тоолуу Карабахты Пашинян тааныган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости