www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 20 жаштагы бала кыз алып качууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылы ноябрь айында укук коргоо органдарына шаардын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында азиат түспөлүндөгү эркек киши 2019-жылдын 30-ноябрында “Көк-Жар” кичи районундагы тигүү цехтеринин биринде иштеген кызды анын эркине каршы белгисиз тарапка алып качып кеткен. 

"Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2000-жылы туулга бала  кармалды. Шектүү Бишкек ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына жеткирилди. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КРнын Жазык кодексинин 175  (адамды никеге туруу максатында адам уурдоо) беренеси менен кармалып, сотко чейинки тергөө иштери башталды", деп айтылат маалыматта. 

Жаңы кабыл алынган Жазык кодексине ылайык былтыр Кыргызстанда ала качуу үчүн жаза күчөтүлгөн. Мыйзам боюнча кызды күч менен ала качкан адам 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми өспүрүм кызды мажбурлап никеге тургузгандар 200 000 сом өлчөмүндө айыпка да жыгылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости