www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Нарын филиалынын энергетиктери штаттан тышкары болгон жагдайды оперативдүү түрдө жоюшту 2020-жылдын 10-январында саат 18:01-де Нарын облусунун электр энергиясы менен камсыздаган негизги «Ак-Кыя-Кемин» 220 аба чубалгысындагы линия өчүрүлдү. Текшерүү учурунда, «Кубакы» перевалында жайгашкан анкердик пролеттогу 154-155 темир мамычасында электр зым үзүлгөнү аныкталган. Мунун кесепетинен Нарын облусунун аймагында чыңалуу 90 кВ чейин төмөндөгөн. Чыңалууну жогорулатуу үчүн Нарын облусундагы Ак-Талаа жана Ат-Башы райондорун өчүрүү аркылуу жүргүзүлдү. Бир сааттын ичинде аларды альтернативдүү схемаларга кошуп электр энергиясы жандырылган.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын Нарын филиалынын аба чубалгы кызматынын бригадасы линияны калыбына келтирүү иштерин жүргүзүшкөн. Азыркы учурда Нарын энергоузелы калыбына келтирилип жана штаттык режимде иштөөдө. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКсы убактылуу ыңгайсыздыктар түзүлүп калганы үчүн кечирим сурайт. Электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн компаниянын энергетиктери күнү-түнү иштешет, штаттык эмес абал түзүлсө, оперативдүү түрдө аны жоюу боюнча схема, авариялык-оңдоо запасы даярдалган, ошондой эле ишканалардын линия жана көмөк чордонду тейлеген бригадалары күчөтүлгөн тартипте иштөөдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости