www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бир тууганы Улан Саляновдун өлүмү тууралуу иш боюнча соттук териштирүү уланууда. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты. 

Маалыматка таянсак, соттук отурум башталаардан мурда жабырлануучу тараптын жактоочусу Рабига Садыкова, айыпталуучулар Асанэмир Абыкулов менен Эрмек Осмонкулов жабырлануучу тараптын өкүлдөрү - Аида Салянова же анын жактоочусу менен сүйлөшүүнү каалап жатышканын айтты. 

Коргоочу тарап сүйлөшүүлөр үчүн тыныгуу жарыялоону суранды.  Айыпталуучу Асанэмир Абыкулов жактоочунун сөзүн ырастады. Бирок ал сүйлөшүүнүн максатын ачыктаган жок. 

Эске салсак, 2017-жылдын ноябрында түн ичинде Көк-Жар конушундагы үйгө кирип барып, азиат  түспөлүндөгү 3 адам ок атуучу куралды колдонушуп, Улан Саляновго карата ок чыгарышкан. Окуядан кийин алар изин жашырып качып кетишкен. Улан Салянов алган жаракатынан каза тапкан. Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү жаран Орусиядан Бишкектеги № 1 тергөө абагына алынып келинген.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости