www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017 –жылга жыл төлгө

Кой (21. 03-20.04)

-2017-жыл кой жылдызындагылар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Меркурийдин таасири менен жеке мамилелер күчөйт. Бирок бул ишкер чөйрөдөгү кыска мөөнөттүү байланыш болот. Кандайдыр жаңы иш баштаганда керектүү адамдарды оңой эле таап алышат. Ал эми бул долбоорлор жөнөкөй, бирок мыкты долбоор болуп чыгат. Өжөрлөнүп, өзүн-өзү катуу тартипке чакырып олтуруп кой белгисиндегилер каржылык, турмуш-тиричилик жана жеке мамиледе өзү каалаган натыйжаларга жетишет. Булар кесиптик чеберчилигине таянып, жоопкерчиликти бекем сезишет. Жолунан жакшы адамдар чыгып, кесибине же коомдук иштерге тиешеси бар маселелерде жардамын тийгизет. Башкача айтканда, жаңы жумуш ачып, кызматтан көтөрүлүп же шайлоого катыша алышат. 

Ал эми кой жылдызындагылардын капчык маселесин Венера тейлейт. Бул алардын каржы маселеси оңой эле чечилет дегендик. Таарынышып жүргөн кишилери болсо, алар менен жарашуу мүмкүнчүлүгү келет. Ал эми ден соолугу болсо алардын өз эмоцияларын көзөмөлгө алышына байланыштуу.  

Букачар (21. 04- 20. 05)

2017-жылы букачарларды күндүн кубаты коштоп жүрөт. Алар жылы бою мурда кетирген кемчиликтерин жоюу менен алектенет. Бул жылы көптөн күткөн максатын ишке ашырууга аракеттенет. Жылдын экинчи жарымында ошол аракеттин акыбети кайтып, ири жетишкендиктерге ээ болот. Бирок кандайдыр ал жетишкендик кыжалат иштерди ийгиликтүү жолго коё билгенде гана аткарылат.

Каржы маселесинде Сатурндун таасири тиет. 2017-жылы букачарлар тез арада боло калуучу нерселерди эмес, келечекти ойлошот. Материалдык кызыкчылык үчүн алар утурумдук каалоолорду четке кагышат. Бирок тегерегиндеги кайсы бир жакын адамдын айынан чыгымга да кириптер болушат. Ошол чыгымдын ордун жабыш үчүн көп иштөөгө туура келет. Жылы бою каржы жагын катуу көзөмөлгө алууга туура келет. 

Жылы бою кандайдыр интриганын курмандыгы болуп, тегеректеги ушак-айыңдар менен алпурушууга туура келет. Бирок мындай абалдан теӊ салмакты сактап, “Кулда кулак жок” деген маанайда унчукпай иштеп жүрө берсе гана ийгилик келет. Жылдын башында букачарлар өзүн жакшы сезишет, бирок жылдын акыркы эки айында алар ал-күчтөн тайып калышы мүмкүн. Ошондуктан күч-кубатты жылы бою сактап жүрүүгө аракеттениш керек. 

Эгиздер (21. 05-21. 06)

2017-жылдын башталышы менен эгиздер жылдызындагылардын турмушунда жаңы тилке пайда болот. Чыгармачылыкты өркүндөтүүгө шарт түзүлүп, күч-кубаты толот. Элди көп угуп, аз сүйлөйт. Ар тараптан агылып турган маалымат көп болот. Идеялар да биринин артынан экинчиси келе баштайт. Бул жылы аларга ийгилик эшигин кенен ачкандыктан, эгиздер бул жылы боорукер, сүйкүмдүү адам болуп чыга келишет. Сатурн менен Венеранын энергиясы биригип таасирин тийгизип, бул белгидеги адамдарды аарыдай иштетип, албетте, түшүмдү да болуп көрбөгөндөй алууга шарт түзүлөт

Кесиптик жактан бир кыйла алга жылыштар болот. 2017-жыл эгиздер үчүн өзү каалагандай жыл болот. Ал эми октябрь айында ден соолукту жакшылап кароого туура келет.

Бөйөн (22. 06-22. 07)

2017-жыл бөйөндөр үчүн бардык жактан алдыга жылууга мүмкүнчүлүктөр кеңири ачылат. Анткени буларга Марстын таасири тийип турат. Максатына жетүү үчүн катуу далалат кылышат. Бул жылы тоону томкоруп, ойду омкоруп жиберүүгө каалоо да, мүмкүнчүлүктөр да кеңири ачылат. Бирок эки жактагы алагды кылгандарга карабай, көздөгөн максатты карай бара берүү керек. Эмгек жамаатта өзүнөн-өзү лидер болуп чыга келет. 

Ал эми материалдык байлык жагынан келген кушту учуруп жибербей кармап калуу бөйөндөрдүн өзүнө гана байланыштуу. Жылы бою бөйөндөр өздөрүн арстан сезип жүрүшөт.

Арстан (22.07-23.08)

Буга чейин баш көтөрбөй иштеп келген убак эми жемишин бере баштайт. Арстандар кандай гана иш менен алектенбесин, баары ырааттуу жүрөт. Бирок өндүрүштүк иштерде көбүнчө маалымат чогултуу менен алектенүү керек. Жетекчилик жана кесиптештер менен жакшы мамиле түзүлөт. Эгер кесиптик мамиледеги сүйлөшүүлөрдө белгилүү эрежелерди сактаса, ал сүйлөшүүлөр өз жемишин берет.  

2017-жылы арстандардын материалдык абалы бир калыпта кетет. Кесиптик чеберчилик жагынан алганда арстандар мурункудай эле тегерегиндегилердин баарын таң калтыра беришет. Кесиптик кызматташтык боюнча мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаса, жыл ойдогудай болот. 

Бийкеч (24. 08-23.09)

Учурдагы талаштуу, чыр жараткан абалдан бир аз да болсо алга жылыш болот. Ортодогу түшүнбөстүктөрдөн сүйлөшүү аркылуу чыгып, бир пикирге келүүгө болот. Бирок бийкеч жылдызындагылар каалайбы, жокпу - абалга жараша ийкемдүү болуу талап кылынат. Сентябрь айына чейин чыңалып турат, андан кийин реформалар ишке кирет. Анын каршылашы - жогорку билимдүү адам, сүйлөгөндү да, адамдар менен мамиле түзгөндү да билген киши.  

2017-жылы бийкечтердин материалдык абалында биринчи орунга үй жана автомобиль маселеси чыгат. Жок жерден кошумча каржы булактары чыгып калат.   

Жаңы перспективдүү идеялар ойго келип, жаңы шарттарга көнүүгө туура келет.  

Жаңы жыл башталганда жан дүйнөнү байытуу, тиричилик маселелери тушап алат. Иш ушунчалык көп болгондуктан, эс алууга убакыт да табылбай калат.   Жылдын экинчи жарымында бийкеч жылдызы белгиси алдында төрөлгөн адамдар интеллектуалдык каршылыкка барбай, тиричилик маселелерине байланыштуу талаш-тартыштарга азыраак катышышы керек.     

Тараза (24. 09-23.10)

Тараза жылдызындагылар үчүн башка адамдар менен мамиле түзүү келерки жылы айрыкча жагымдуу болот. Башка адамдар менен мамиле дагы кеңейиши күтүлөт. Тааныш адамдардын көбөйүшү социалдык жана жеке өзүнүн турмушунда активдүүлүккө шарт түзөт. Тараза белгиси алдында төрөлгөндөр келерки жылы турмушунун бардык жагында чоң өзгөрүүлөргө туш болушат. Булардын ачыктыгы, алардын токтоо жана сөзгө келүү сыяктуу жакшы сапаттары өз жемишин берет. Тараза жылдызындагылар жетишкен 2017-жылдагы бардык жетишкендиктер башка адамдардын жардамы аркылуу ишке ашаарын да белгилей кетели. Өзүңүздү өзүңүз баалап, жан дүйнөңүз жай алат, интеллектуалдык жана психологиялык жагынан чыңаласыз. Айрыкча бул жылы интеллектуалдык чөйрөдө иштегендер чоң ийгиликтерге ээ болот. Бирок башка чөйрөнүн өкүлдөрү да чымырканып иштеши керек. Анткени бул белгинин алдында төрөлгөн бардык адамдар ушул жылы лидерлик сапатка ээ болушат.

Келерки жылы тараза жылдызындагылардын күч-кубаты ашып-ташып турат. 

Чаян (24. 10-22. 11)

2017-жылы чаян белгиси алдында туулгандар бүтүрө албай жүргөн долбоорлоруна кайрылат. Алар өздөрүн туура жолго түшкөндөй эркин сезет. Акыры өздөрү туура көргөн жолду таптык деп ойлошот. Жердигинен түнт келген чаяндар бул жылы эмнегедир ачылып, ошондуктан мурун тил табыша албай жүргөн кишилер менен тил табыша алышат. Бардык чөйрөнүн адамдары менен сүйлөшүүдө табигый акылмандыгын көрсөтө алышат. Эң негизгиси—башкы максатка жетүүдө ийгиликтер коштойт. Материалдык абалы мурдагы жылдардагыдан бир кыйла жакшырат.   

Бирок ар убак коопсуздук чараларын сактай жүргөн жакшы. Жылы бою жугуштуу оорулар же башка жагдайга байланыштуу коркунучтардан сак болушуңуз керек. 

Жаачы (23. 11- 21.12)

2017-жылы жаачы белгиси алдында төрөлгөндөрдүн колдоп турган адамдары көп болот. Алар сиз кандай гана иш баштабасаңыз, моралдык колдоо көрсөтүп, тилегиңиз орундалмайынча, жаныңызда болот.

Каражат маселесине келгенде, муз ордунан козголот. Мурда ордунан жылбай турган иштер ордунан жылат. Кайсы тармакта, кандай долбоорлорду баштабаңыз, баары ийгиликтүү аяктайт. Бирок ошол иштерди кимдир-бирөөлөр менен чогуу иштесеңиз да жакшы. Анткени кайсы бир деңгээлге чыкканда күч-кубатыңыз кайтып, ойлогон оюңузду ишке ашыра албай калышыңыз мүмкүн.

Келерки жылы айрыкча дене тарбиясы жагынан көп машыгышыңыз керек болот. Анткени акыл эмгеги менен канчалык алектенбеңиз, ден соолугуңуз бекем болушу зарыл. Бул жылы ден соолугуңузду чыңдоонун ыңгайлуу учуру болот.      

Текечер ( 22. 12-20. 01)   

2017-жылы текечерлер мурдагы жылдардагы эле жылдыздардын жетегинде болот. Бакыт, балким, күтпөгөн жерден келиши мүмкүн. Кандай болгон күндө купуя сакталып келген мүмкүнчүлүгүңүз калкып чыга келет. Башынан эле ар нерсеге акыл калчап, болгон нерсени саресепке сала турган сапаттарыңызды дагы эле багып-барктай бериңиз. Ошондо гана бир натыйжага ээ болосуз. Башка адамдар менен болгон мамилеңиз сиздин өзүңүзгө гана жараша болот. Адамдардын тобун тартып алууга же алар менен мамиле түзбөй коюу жагын өзүңүз гана көзөмөлгө ала аласыз.   

Ал эми ишкер байланышта текечерлер абдан активдүү болушат. Бирок өз убагында абай салып, токтоп калуу да керек. Апрель айынан сентябрь айына чейин өзгөчө иш көп болот. 2017-жылдын экинчи жарымында ишиңиздин үзүрүн көрөсүз. Бирок бул жылы Марс планетасы ден соолугуңузга тескери таасирин тийгизе тургандыктан, бул жагынан сак болуңуз.

Суупери (23.01-20. 02)

2017-жыл суупери жылдызындагылар үчүн активдүү жыл болот. Узак мөөнөттүү долбоорлор ийгиликтүү ишке ашат. Айрыкча жаңы идеялар жаатында сиздин ой-пикирлер ашып-ташып, анын дээрлик көбү ишке ийгиликтүү аткарылат.

Жылдын биринчи жарымында күч-кубат топтоп, жаңы ой, идеянын үстүндө иштеп жүргөн болосуз. Айрыкча үй-бүлөңүздү каражат жагынан кубантып, жаңы ийгиликтерге демдендиресиз.

Балык (21. 02- 20. 03)

Балыктар чыгармачылыкка жакын адам болгондуктан, турмуштун ой-кырларынан, татаал жагдайларынан оңой эле чыгып кете ала турган сапаттары бар. Бул жылы деле ошол салт улантылат. Айрыкча турмуш-тиричилик жагдайларына байланыштуу иштер ийгиликтүү болот. Бир гана—балыктар ден соолугу жагынан бир аз аксап, бирок аны өз убагында сезе коюп, кам көрүп, абалдан чыгып кетиши мүмкүн. Кызматтан дагы, башка чыгармачыл жагдайда да, жеке мамилелерде да ийгилик кош колдоп колдоп, бийиктиктерге чыгарып турат. Бул жыл сиз үчүн төгөрөгү төп келген жыл болсун десеңиз, анда жеке мамиледе этият болушуңуз, алды-артыңызды карап жүрүшүңүз керек.   

Булак: "Политклиника"

Последние новости