www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылы, ырчы Эмил Балтагулов угармандарына шаңдуу ыр тартуулаганын Фейсбуктагы баракчасына жар салып чыкты. Жыл башында шаңдуу ыр жазганына караганда, быйылкы жыл Эмил мырза үчүн шаң-күлкүгө бай болот окшойт деп жоруп койдук.

Эмил Балтагулов:«2017-жылды шаңдуу ырлардын катарын толуктай турган жаны "Уулума" же болбосо "Ммах" деген ырым менен баштадым. Үй-бүлө менен чогуу көңүл ачып, бийлегенге болот экен. Анткени, балам өзү кошо бийлеп жүрөт. Профессионалдык деңгээлде сынабай эле койсоңуздар, карапайым калктын табитине ылайыктап жаздым эле»,- деп эскертип кеткен.

Эске сала кетсек, Эмил Балтагулов калкка көбүнчө муңдуу ырлары менен белгилүү.

Курманбек Ниязбеков, NazarNews.kg

Последние новости