www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын жаңы президенти иштей турган имарат Ташкенттин чок ортосунда орун алат. Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, курулуш 5-январда башталган.

Мирзиёев Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовдун "Ак сарайдагы" иш бөлмөсүн ээлеген жок. Ал жер маркум лидердин музейине айланат. Мирзиёевдин иш орду “Ак сарайдын” артындагы аймакта жайгашат.

Өлкө башчы Каримов жашаган “Дурмен” жана “Көк сарай” резиденцияларында дагы болбойт. Ал үчүн өзүнчө имарат курулууда.

Учурда президент Мирзиёев парламент жайгашкан имараттын экинчи кабатында отуруп, өлкөнү башкарууда.

Булак: "Борбордук Азия жаңылыктары"

Последние новости