www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

№27 абакта 20 чакты киши ачкачылык жарыялады. Маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынан ырасташты.

Алар жаңы кабыл алынган мыйзамга ылайык, экстремизм жана терроризмге айыпталып камалгандарды эки-үчтөн кылып, өзүнчө камераларга бөлүп кармоо шартына каршылыгын билдирүүдө.

Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, абактагы жыйырма чакты киши мыйзам кабыл алынганга чейин соттолушканын белгилешип, өздөрүн шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну талап кылышкан. Алардын мындай талабы прокуратурага жиберилип, прокуратура кызматкерлери 12-январда абактагылар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

«Жаңы мыйзам кабыл алынганына байланыштуу, №27, №47 жана №16 абактарда экстремизм жана терроризмге айыпталып камалгандарды эки-үчтөн кылып, өзүнчө камераларга бөлүп кармап атабыз. Мындай шартка өткөнүнө бир айдан ашып калды. Азыр №3 колонияда да мындай камера режимин киргизүү боюнча даярдыктар жүрүп жатат», - деди ал.

Ошондой эле Сабатарова абактагылардын намаз окуусуна кысым жасалып жаткандыгы тууралуу маалыматтарды четке какты.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары

Последние новости