www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттин үлүшү бар компаниялар менен мамлекеттик ишканалардын ишине көзөмөл кылынбайт. Маселе мурдатан бери көтөрүлүп келатканына карабастан, мамлекетти миллиондогон зыянга учураткан жетекчилердин бирине да тийешелүү чаралар көрүлгөн жок. Башкаруу жакшыртылса, ал компаниялар көптөгөн кирешелерди алып келмек. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда депутат Искендер Кадыркулов КСДП фракциясында мамлекеттик органдардагы кадр саясатын жакшыртуу багытында аткарылган иштер жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди. Бул тууралуу маалыматты КР ЖК Басма сөз кызматы жазып чыкты. 

Ага жооп катары биринчи вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев мамлекеттик мекемелерди Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тейлей турганын билдирди. «Азыр 2016-жылдын жыйынтыгы чыгарылууда. Өкмөт ошого жараша чечимдерди кабыл алып, чыгашалуу ишканалардын жетекчилеринин жоопкерчилигин карайт», - дейт ал.

Депутат Элвира Сурабалдиева Дар менен камсыз кылуу департаментине кандай жетекчи келбесин, тез эле «ажыдаарга» айланып кетерин баса белгиледи. «Жакында эле департаменттин иши боюнча чоӊ чатак чыккан. Башкы прокуратура текшерүү жүрүшүндө мамлекетке өтө ири көлөмдө зыян келтиргени аныкталды. Анын жетекчисин кызматтан алып коюу менен маселе чечилбейт, иштиктүү чараларды көрүү зарыл. Анан кантип калк ишенимине ээ болуу жөнүндө сөз кылабыз?», - деди ал.

Ал эми фракция башчысы Иса Өмүркулов мамлекетти миллиарддаган чыгымга учураткан адамдар соттолбой эле, тескерисинче жогорку кызматка дайындалып жатканын баса белгиледи. «Акыркы кезде мамлекеттик кызматка адашып келген кадрлар көбөйдү. Мамлекеттик ишканалардын жогорку кызмат орундарына дайындалууда. Алардын кантип келип калганын баары көрүп турат. А Өкмөт болсо, аларга талап койо албайт. Мамлекеттик кызматка мыкты кадрларды алып келип, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу керек», - деп жыйынтыктады өз сөзүн ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости