www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нострадамустун божомолдору анын дүйнөдөн өткөнүнө 458 жыл болгонуна карабай, адамдардын кызыгуусун жараткан бойдон калууда. Анын катрендеринде адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу окуялар жашырылган жана ал аларды жүзөгө ашканга чейин көп жыл мурун алдын ала айткан.
Божомол жасоо – бул өзгөчө талант, аны бир гана тандаган адамдар өздөштүрө алат. Алар чектелген көз караштан чыгып, адамзаттын келечеги тууралуу жашыруун сырларды ачууга аракет кылышат.
Нострадамустун божомолдору анын жашоосу учурунда эле чоң кызыгуу жараткан – замандаштары анын сырдуу саптарын чечмелөөгө аракет кылып, караңгы эскертүүлөрүнөн чочушкан. XXI кылымда да бул кызыгуу жоголгон жок, анткени адамдар анын катрендерине өзгөчө көңүл буруп келишет.
Бул макалада биз Нострадамустун 2025-жылга карата божомолдору тууралуу айтып беребиз. Ал XVI кылымдагы француз фармацевти, астрологу жана олуясы болгон. Ал өзүнүн 1555-жылы Лиондо жарыяланган белгилүү «Les Propheties» («Олуялыктар» же «Центуриялар») китеби менен даңаза тапкан.
Үчүнчү дүйнөлүк согуш
Нострадамустун божомолдорун чечмелеген изилдөөчүлөр анын катрендери дүйнөлүк согуштун чыгуу коркунучу тууралуу эскертүү экенин айтышат. Бул согушка дүйнөнүн эң ири державалары катышып, анын кесепети өтө оор болушу мүмкүн.
«Келишим жана тынчтык бардык жерде бузулат: достук жаңжал менен булганат», — деп жазган Нострадамус (чыныгы аты Мишель де Нотрдам). Ал бул ири конфликт дүйнөлүк тарыхтагы эң чоң өрттөн башталарын белгилеген.
Глобалдык экономикалык кризис
Француз астрологунун дагы бир божомолу дүйнөлүк экономиканын кыйрашы тууралуу. Бул кризис коомдук баш аламандыкты жаратышы ыктымал. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, 2025-жылы бул кризис эң оболу Мексикага, Латын Америкасынын башка өлкөлөрүнө жана Европага таасирин тийгизет.
Климаттын кескин өзгөрүшү
Нострадамус табиятка байланыштуу да божомолдорун калтырган. Бүгүнкү күндө экологиянын булганышы жана климаттын өзгөрүшү уламдан-улам олуттуу көйгөйлөрдү жаратууда. XVI кылымда эле ал 2025-жылы Жерди буга чейин болуп көрбөгөн «жылуулук толкундары» каптайт деп алдын ала айткан. Айрыкча Европада температуранын жогорулашынан чоң кыйроолор болушу мүмкүн.
Бул божомол азыркы илимий маалыматтар менен да дал келет. Окумуштуулардын айтымында, 2025-жылы Күндүн активдүүлүгү өтө жогорку чекке жетип, ал адамзат үчүн чоң коркунуч жаратат.
Ачарчылык жана социалдык чыңалуу
Дүйнөдөгү азык-түлүк көйгөйү курчуп, эң аялуу өлкөлөрдө абал оорлошот. Нострадамустун божомолуна ылайык, бул көйгөйдү табигый кырсыктар күчөтөт. Натыйжада, адамдардын массалык миграциясы башталып, дүйнөлүк деңгээлде социалдык чыңалууну жаратат.
Технологиялык өнүгүү
Нострадамус 2025-жылы технологиялар адамдардын жашоосунун негизги аспектилерин көзөмөлдөй баштарын алдын ала айткан. Бул көзөмөл адамзатка терс таасирин тийгизиши мүмкүн.
Бүгүнкү күндө жасалма интеллект (ЖИ) тез өнүгүп жатат. Буга он жыл мурда адамдар таң калып же коркуп караса, азыр ЖИ ар бир адамдын жашоосунда кеңири колдонулуп келет – жеке баарлашуудан баштап, тиричилик техникасын башкарууга чейин.
Бирок, кээ бир адамдар технологиянын бул өнүгүүсүнөн чочулашат (айрыкча «Терминатор» тасмаларынын күйөрмандары). Көптөр жасалма интеллектке чечим кабыл алуу укугу берилсе, ал адамзатка коркунуч жаратышы мүмкүн деп эсептешет. Буга ЖИнин чектелген түшүнүгү, маалыматтардын туура эмес интерпретацияланышы жана программалык каталар себеп болушу ыктымал.
Нострадамустун 2025-жылга карата божомолдору чын эле ишке ашабы же жокпу – убакыт көрсөтөт деп жазат Woman.ru.
Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.