www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин менен Орусия-Украина согушу тууралуу сүйлөшкөнүн жана согуштун бүтүшү керектигин айтты.
Трамп борбор шаар Вашингтондо өткөрүлгөн Консервативдик Саясий Арекет Конференциясы (CPAC) 2025 иш-чарасында республикачы шайлоочуларга акыркы бир айдагы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди.
Орусия менен Украинанын ортосундагы согуштун бүтүшү керектигин баса белгилеген Трамп: «Президент Путин менен сүйлөштүм жана мунун бүтүшү керек, бүтүшү керек деп ойлойм»,-деди.
Трамп сөзүндө үч жылга жакын убакыттан бери уланып жаткан согушта АКШнын Украинага 350 миллиард доллар короткондугун белгилеп, АКШнын мурдагы президенти Жо Байденди «Анткени келесоо жана жөндөмсүз президент жана башкаруу бар эле» деп ишара кылды.
Трамп Украина менен келишимге «өтө жакын» экендиктерин жана буга чейин болуп өткөндөрдүн «үрөй учурган абал» экенин айтып, АКШнын Киев администрациясына койгон талаптарын тизмектеп өттү.
Дональд Трамп: "Биз баалуу кендерди каалайбыз, биз мунай каалайбыз, биз ала тургандын баарын каалайбыз",-деди.
Венгрия, Англия, Япония жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөн эл аралык делегациялар катышкан CPAC конференциясында президент Трамп кээ бир америкалык медианы атын атап сынга алды.
Трамп жасалма жаңылыктарды чыгарганы үчүн айыптаган MSNBC телеканалын "демократияга коркунуч" деп атап, CNNди "байкуш" деп сыпаттады жана New York Times менен Washington Post гезиттерин эч ким окубай калганын белгиледи.
Трамп сөз болгон ЖМКларды жалган маалымат чыгарган деп айыптады.