www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1918-жылы 23-февралда Кызыл Армия түзүлүп Советтик Орусияны коргой баштаган. Ушундан улам Армиянын күнү аталган. Ал эми ал кезде кыргыздар ак падыша Никелейдин зордук-зомбулугунан улам Кытайга үркүп, 1917-жыдагы февраль революциясынан соң Керенский кыргыз элинин өз мекенине кайтып келүүгө уруксат берген. Ошентип кыргыздардын 1918-жылы 23-февралда Кызыл Армия түшүнө да кирген эмес. Кыргыздардын байыртан Манас сыяктуу баатырлары эли-жерин коргоп келген же 1918-жылдын 23-февралына чейин кыргызда мекенин коргогондор болгон эмеспи? 2013-жылдын 4-декабрынан баштап эл аралык «Манас» эпосунун күнү, дал ушул күндү Манастын атынан коюлгандан кийин «Мекенди коргоо» күнү деп атасак болот.

«Манас» эпосу 2009 –жылы Кытайдагы кыргыздардын атынан ЮНЕСКОго катталып кетти. Муну уккан мекенчил жигиттердин арасында ыза отуна тумчуккан Карганбек Самаков 2010-жылдан баштап дээрлик үч жыл башын канжыгага байлап коюп, Манас атаны кыргызга кайрып келиш үчүн үй-жайын таштап, Париж менен Бишкектин ортосунда чапкылап калды. Алтайдан Ала-Тоого эр Манастын келиши бир тең болсо, Парижден Бишкекке «Манас» эпосунун келиши бир тең болуп, Карганбек Самаковдун канча нервдери короп, акыры тилегине жетти. 4-декабрь эл аралык «Манас» эпосунун күнү, бул күнү Бакуда ЮНЕСКОнун жыйыны өтүп Карганбек Самаковдун демилгеси менен «Манас» үчилтиги баалуулуктар мурасына кошулган.

Арсылдап үрүп, арсыз обонун созгондор, «Манас» эпосуна асылгандар түбү оңбой калчу эле. 90 жыл мурун «Манас» эпосунан кынтык таап, аны колдогон Тыныстанов сыяктуу көп кыргыз патриотторду, 70 жыл мурун Байжиев, Бектенов, Саманчиндерди каматып, акыры алар туура бааларын алган, Карганбек Самаков да 157 мамлекеттин макулдугун алып, «Манас» эпосун дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп, ЮНЕСКОдо 198 мамлекеттин колдоосун жеңип келген. Бул ишке жеке эсебинен миллиондорду жоготкон Карганбек Самаков «Манас» эпосун кыргызга алып келгени үчүн рахат отуна бөлөнүп турганда, кыргыз эли кошо сүйүнүп, кош колдоп колдоп турса да, ич күйдүүлүгү ай- асманды сермеп турган, адам келбетин кийишкен желдеттер аяшкан жок. Арийне, эр Манастын арбагы өзү батасын берди болуш керек! Бүгүнкү күнү кайрадан элинин арасында. Кытайдан Манасты кайырып келип, ааламга боз үй, ала кийиз менен шырдакты тааныткан, кыргыздын патриоту, бирок ага тагылган жалаалардан улам, эл сүйбөгөн жерде акыйкаттуулукту күтүп отурган, оор дооматтардан кутулуу үчүн үмүт шооласы чачырап, эли үчүн ак кызматын кайрадан кылууга даяр, заманыбыздын залкар уулдарынын бири Карганбек Самаков.

Медицина илимин ата-бабаларыбыз илгертен эле аздектеп, өнүктүрүп келишкени «Манас» эпосу аркылуу бизге жетип олтурат. Азыркы аскердик талаа медицинанын үлгүлөрү мындан эки миң жыл мурда эле кыргызда болгондугун «Манас» дастаны тастыктайт. Согуштан тыныгуу учурунда жарадарларга көрсөтүлгөн медициналык жардам, дары-дармектер, медициналык аспаптар, хирургиялык операциялар, башкы дарыгерлер, колдонулуучу материалдар эпосто кеңири сүрөттөлөт. Ошондой эле «Манас» эпосунда трансплантация жөнүндө да айтылган. Эпосто жарадарларга көрсөтүлгөн медициналык жардам, дарыдармектер, медициналык аспаптар, хирургиялык операциялар сүрөттөлгөн. Демек кыргыз трансплантация илимине – 2000 жыл толот.

Эпостогу медицинаны гана эмес, элдик анатомиялык түшүнүктөрдү, элдик дарыгерлер катары салттуу медицинаны билишкен Бакайдын, Каныкейдин, Момунжандын адамдарды дарылоо, эмдөө өзгөчөлүктөрү болгон. «Манас» эпосундагы элдик медицина боюнча маалыматтар С.Орозбаков, С.Каралаев, Жусуп Мамай, Тоголок Молдо айткан варианттарында бар.  Кыргыз элинин салттуу медицинасы колдонулган жалпы ооруларды, дарттарды төмөндөгүдөй типтерге ажыратса болот: төрөө жана аял ооруулары; балдар ооруулары; сезгенүү ооруулары; муун жана кол аяк ооруулары; ичеги-карын ооруулары; өпкө ооруулары; баш ооруулары; тери-шишик ооруулары; келте, кара тумоо (тиф); безгек калтыратма (малярия); ички ооруулары; көз ооруулары; тиш ооруулары; кара жама (цынга); тамак оорулары; жылан жана кара курт чагуу; суук тийүү; сынуулар, ордунан чыгуулар; шал ооруулары; жин ооруулары; талма (эпилепсия). Мына ушул оорулардын жана дарттардын бир кыйласы «Манас» эпосунда жана башка фольклордук чыгармаларда кездешет. «Манас» эпосунда кеңири колдонулган тармак – элдик хирургия. Жалпыга белгилүү согуш болгондон кийин жоокерлерге ок тиет, найза, кылыч тиет, бул болсо кишинин өлүмүн же оор-жеңил ар кандай жаратын пайда кылат. Ал эми согуш талаасында жаралуу аскерди таштап кетүү кыргыз элинин салтында болгон эмес. Аны айыктырып кайрадан колдун арасына кошуу керек, же өтө эле болбой турган болсо артка – тылга жиберүү керек. Мына ушундай учурда ар бир кыргыз аскери биринчи жардам берүүнү билген. Манастын жары Каныкей сарамжалдуулук менен кырк чоронун ар бирине жарадар болсо жардам көрсөтүүчү буюмдарды куржунуна камдап салып узаткан. Мына ошолордун ичинде түтөк болгондо жардам берчү, ок тийгенде кереги тийген буюмдар болгон. Кол ичинде атайын кийинки санитар врачтар сыяктуу адистер да даярдалган. Эпостун текстине караганда жараны, ириңдеген жерди тилип, тазалоочу аштар, бузулган канды сордуруп таштоочу картык деген медициналык жөнөкөй аспаптар кездешет. Алардын жардамы менен денедеги кан айлануу процесси калыбына келген, дене табынан жогорулашынын, гангренанын алдын алынган. Ал эми бир топ татаал аспап – тинтүүр. Анын жасалыш технологиясы биз үчүн табышмак. Атына караганда ал аспап менен жаанын огунун, же найзанын денеде калган сыныгынын кайсыл жерде жатканы аныкталган, аны менен ошол осколканы акырындап копшутуп отуруп ордунан чыгарып жиберген. Бул аспапты баары эле иштете албайт, өтө кылдаттыкты талап кылган бул жумушту анча-мынча адамдар гана аткарышкан. Дагы бир аспап – шимшүүр. Ал да атына ылайык денедеги ок чыкпай калганда, ал адамга дагы бир ок жуткуруган да аябай окшуткан, анан шимшүүр менен копшошуп, акырындап тилип алышкан. «Манастагы» хирургиялык аспаптар: аштар, тинтүүр, сапсалга, бычак, картык, оңко, искек. Булардын ар биринин өз-өзүнчө функциялары болгон. «Манас» эпосундагы айтылган айрым дарылардын касиети, колдонулушу азыр эми бизге белгисиз бойдон калды, алардын катарына төмөнкүлөр бар: эбеп, себеп, медет, азиз, калдыркан жалбырак, куну дары, нуш дары, кайнатма кара дары, кантемир дары, кырма кызыл дары, ийсең, жуушаң, чар дары, катырма кара дары, апы-сапы. Жер астынан археологиялык изилдөөлөрдө табылган эне-сайлык кыргыздар тарабынан колдонулган жана «Манас» эпосунда да кездешкен кыргыз эмчилигинде колдонулган буюмдар катары төмөнкү дарыгерчилик аспаптар бар.

Картык.

Картык топоздун же уйдун мүйүзүнүн уч жагынан бир сөөм узундукта кесип алып, ичиндеги үлүгүн чыгарып таштап, ичке учу жагынан кесип, кичинекей тешик ачылат, анан эки учунун кырларын текшилеп териге батып оорубагандай кылып жасалган чоң оозун эмдемекчи болгон жайга тийгизип тик коюп, ичке учун оозго салып соруп, булчуң эт жана майлардын ичиндеги ириң, сары суу, бузулган кан сыяктуу зыяндуу нерселерди чыгарып эмдөөгө колдонулуучу аспап болуп, «Манас» эпосунда:

Кан-ириңин бузулган,

Картык менен тарттырып, - делет.

 Наштар

Темирден жасалган, теринин астындагы ириң, бузук кан, сары суу, же тышкы жактан кирип, учу көрүнүп турган тикен, жебенин сыныгы же ок сыяктуу керексиз нерселерди чыгарып алуу үчүн керектелүүчү узундугу бир карыш чамасындагы учу учтуу, жалпак, курч болгон аспап болуп, муну кээде искек, аштар деп атаган маалыматтар бар.

Сом этине келди деп,

Чыкпай туруп алды деп.

Аштар алып колуна,

Тилип жаткан андан көп.

Денеге токтоп калган жебенин сыныгын же окту аштар менен тилип алуу ыкмасын аштарлоо деген.

Токтогон окту аштарлап,

Тилип жаткан андан көп.

Тинтүүр

 Булчуң эт, калың майларга кирип кетип чыкпай туруп калган жыгач, ок же найза өңдүү куралдардын учу сынып, чуңкур жерине туруп калган барчаларын чукуп издеп, таап чыгарууга колдонула турган алтын, күмүш, темир, табылгы, жыгач сыяктуулардан жасалган башы иймек шайман.

Сөөм жеринде ок бар деп,

Тинтүүр менен копшутуп.

Сөөккө жакын ок бар деп,

Коргошун тинтүүр салышты.

Шимшүүр

 Ок жуткуруп окшутуп,

Сом эттеги окторду

 Шимшүүр менен копшутуп,

Тилип жаткан дагы бар.

Эмчиликте керектелген бул шайманды 1975-жылы археолог Р.Д.Арач деген киши IX-X кылымдарга таандык Эне-Сайдагы кыргыздардын көрүстөнүнөн тапкан болуп, темир сымдан жасалып, сөөк кынга салынган, узундугу 14-15 саниметр, жоондугу жарым сантиметр келе тургандыгын баяндаган.  Чексе

 Турмушта көп керектелүүчү эти адал айбандын терисинен жерлик аргалар менен ашатып болуп, бычып тигип жасаган баштык болуп, «Манас» эпосунда дарыларды салып, бузбай, чачпай сактап алышкан. Чөйчөк таш. Чөйчөк же табакка окшоп чуңкурайып табигый шекил түзүп калган катуу таштарды кыргыздар таап алып керектеген болуп, «Манас» эпосунда эмчилер дарыларды ичине салып ийлеп же нымдап туруп чуңкуруна эзип дары жасоого колдонгон. Жаргылчак

 Арпа, буудай сыяктуу аштыктарды кууруп болуп, талкан тартып алуучу асты-үстү кылып коюлган бир жуп тегерек таш болуп, байыркы доордогу эмчилер айрым дарыларды да жаргылчакка салып талкан сыяктанган дары жасоого керектеген.

Соку

Азыркы доордо соку божомол менен узундугу 50-60 сантиметр, айланасы 70-80 сантиметр чамасындагы катуу кургак жыгачты узунунан айланасын 3-5 сантиметр калыңдыкта коюп, 30-40 сантиметр чамасында ичин текши чуңкурайтып оюп болуп, жарылып кетпестик үчүн түбү жана кыры жагынан темир зым менен толгоп жасалат.

Сок билек

 Сокунун ичине салганда айланасында үч эли чамасында боштук калгандай катуу, кургак жыгачтын сокуга салган учун томолоктоп, текши жасап, ичине салганда сокунун кырынын удулунан эки эли өйдө жагынан оюп, эки кол менен эки жагынан тутамдап, чың кармалгындай кармооч жасап болуп, сокуга куурган арпаны салып гүүшөп кылканын талкалап чыгарууга колдонот. Ал эми байыркы доордо эмчиликте кээ бир дарыларды майдалаш, талкандаш үчүн колдонгон.

Элгек же калбыр

Жыгач менен жылкынын куйругун керек кылып түрдүү аргалар менен дайындалган, дарыларды элгеп керектелүүчү бөлүгүн же майдасы менен кесегин ажыратып алуу үчүн колдонулат.

Ченем идиш (кемчен)

Кой, эчки, жейрен сыяктуу кичинекей мүйүздүү жаныбарлардын мүйүзүнүн ичиндеги үлүгүн алып таштап, чоң-кичиктигин керектүү мөлчөөлөрдө ченеп, кырын текши кесип учу жагынан жасалган. Сыркоологон кишинин жашынын чоң-кичиктиги, оорунун оор-жеңилдигине карап, дарыларды ченеп салып берүүчү буюм. Манас жараланып, оор абалда калганда Каракожо кийиктин чаарчыгынын этин алып, ага бал аралаштырат, анан абдан бышырат да, ошол бышырылган шорпону жана этин аз-аздап Манаска ичирип жана жедирип отуруп денедеги жаанын огун чыгарып алат.

Ошондуктан төмөнкүлөрдү биле жүргөн оң:

  1. Элдик эмчилердин адамдардын дене түзүлүшүн жакшы билишкен.
  2. Согушка аттанарда, же көчүп-конууда жер шартына жараша (түтөк; кан басымдын көбөйүшү же түшүшү ж.б.) алдын алуу аракеттеринин көрүлгөн.
  3. Элдик дарыгерлердин адистиктери (табып; эмчи; бакшы; тамырчы; аначы; сыныкчы; сөөкчү; киринечи; шакый үзгүч; кан тилгич; демчи; дарымчы; укалоочу ж.б.);
  4. Элдик хирургиялык аспаптар: аштар, тинтүүр, сапсалга, бычак, картык, оңко, искек ж.б.
  5. «Манас» эпосунда кездешкен оорулардын түрлөрү; «Манас» эпосунда кездешкен оорулардын айыктыруу үчүн колдонулган дары-дармектер (эбеп, себеп, медет, азиз, калдыркан жалбырак, куну дары, нуш дары, кайнатма кара дары, кантемир дары, кырма кызыл дары, ийсең, жуушаң, чар дары, катырма кара дары, апы-сапы ж.б.)жана алардын жасалышы, колдонулушу;
  6.  Эпостогу эмчилердин, дарыгерлердин табыптардын оорулууну айыктыруу технологиялары. Дары жасоо үчүн колдонулган буюмдар.

Илимий деңгээлдеги хирургия кыргыз табыптарына тааныш эмес болгон, ал тургай алар асептика (медициналык инструменттер менен жабдыктарда стерилизациялоо методу) жана антисептика (атайын каражаттар менен жугуштуу жараларды жуктурбоо үчүн алдын алган метод) тууралуу эч нерсе билишкен эмес, ошондой болсо да ачык жана жабык мүнөздөгү сыныктар учурунда кыргыз табыптары жараатка чалдыккан жумшак ткандардан аккан канды күйгөн кийиз менен токтотуунун өзгөчө ыкмасын билишкен. «Манаста» Жолойдун жаагынан кызыл суу болуп кан агып жатканда Жолой үйдөн кийизди кыйып келип эки жолу жабыштырганда кан токтогонун мисал кылып айтат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости