www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2010-жылы май айында “өрт” чыгып кетишинен алдын-ала кооптонгон Оштун мэри Мелис Мырзакматов Убактылуу Өкмөткө мунун алдын-ала чара көрүшү тууралуу бир нече ирет кайрылган. Кайдыгерликке баткан ал кездеги бийлик буга кулак салган эмес. Анын үстүндө Убактылуу Өкмөттүн төрайымы менен анын биринчи орун басары Атамбаев Кадыржан Батыровду жолуктурган. Буга УӨнүн лидерлеринин бири Азимбек Бекназаров каршы чыгып өз оюн айткан. Ошондо Роза Отунбаева: “Бириңер жолуккула дейсиңер, бириңер каршы болосуңар” деген оюн айткан.
“Кыңыр иш кырк жылда” деп койот, бул жерде эмне деген “бомба” жарылбай турат? Садыр Жапаров Ош жаңжаалын териштирүү үчүн комиссия түзгөн. Бул тууралуу айтылып жүргөн сөздөр такталып, бул окуя эмне себептен улам чыкканы ачыктала баштады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Ташиев Камчыбек маалымат жыйынында 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча иликтенип жаткан иш жөнүндө суроого учкай жооп берген. Ташиев учурда коогалаңга тийиштүү кишилер аныкталып жатканын айтты: “Иш тергелип жатат. Катыштыгы бар кишилер аныкталып жатат. Жакында жыйынтыгын айтабыз”.
Убактылуу өкмөт бийликке келгенден кийин «маскаларын» сыйрып салышып, өз жүздөрүн көрсөтө башташты. Банктын ячейкаларындагы миллиондордун изи сууду. Бийлик анархиясы башталып, туш-тараптан чуулгандуу окуялар чыга баштады. Ал кезде эл ишенген Өмүрбек Текебаев Батыштын Башмыйзамын «ксерокопиялап» отуруп алды. Ал Башмыйзамы кийин кыялданганына карабай, өзүнүн бутуна тушамыш болуп берип, түрмөнү көрүп келди. Элди баштап келген Алмазбек Атамбаев республикалык деңгээлдеги «отдел кадрга» айланып, жер-жерлерге дипломуна карабай мектептин аттестаты, күбөлүгү менен облус, район, министрлик башкаргандарды өң таанышына карап койо баштаган. “Элдик революционер” Темир Сариев «сотка» менен акчанын кени, капчыктуу Бажыны талашып жүрсө, Бишкекке мэр болор менен кайсы жерден сугунсам деп, Ош базарын чаңдатып Иса Өмүркулов башын койкоңдотту. Саясатчы катары, кыргыздын улуттук инсаны катары бул жаңжаал үчүн жүрөгү ооруш керек эле, Исакеңе эптеп май токоч Бишкектен таап жесе болду болчу.
Кадыржан Батыров баш болгон өзбек авантюристтер, калкты-калкка кайраштырып, азан чакырып кыргыздарды кыра баштады. Кыргыз калкы бизди кыра бер деп жөн жатып алмак беле, колдоруна союл кармашып, куралчандарга каршы чыгышты. Ошто чаң- тополоң 2010-жылы 11-июнда башталган. «Бака баштуу эркектен, алтын баштуу аял артык» дегендей, «бака баштуу» өкмөт эркек танаалар аялдарынын дамбалдарына баштарын катышып, Ошко бара албай жашынып калышты. Ошол кезде мамлекетти жетектеген Роза Отунбаева жаңжал болгон жерге кечигүү менен болсо да барды. Бир кан төккөн жерден сый тапкан жок. 7-апрелде каза болгондорду көмүү учурунда эч ким сурабаса да касам ичишип, салтанаттуу ант беришкендерге, жашынып жаткан эркектерге эл өз баасын шайлоодо беришкен. Кээ бирлери эптеп парламентке кыпчылып өтүшсө, кээ бирлерин эл бетине жаба түкүрүшүп жолотушкан жок. Ош окуясы бийликти күч менен ээлеп алышкан көпчүлүк экс-оппозиционерлерди «эки кадам артка» сүрүп салды.
«Эр жигит эл четинде, жоо бетинде» дешет эмеспи. Ушундай элдин башына каран түн түшкөндө Садыр Жапаров, Ахматбек Келдибеков, Камчыбек Ташиев сыяктуу саясатчылар үйлөрүнө бекинип жатып алышкан жок. Алар карапайым өзбек калкы менен ынтымакка келели дешип тоодон күргүштөп түшүп келаткан кыргыздардын алдын тосушуп, өзбек-кыргыз жаңжалын токтотууга болгон дараметин жумшашты. Эл деген калыс. Эл деген бир гана акыйкат баасын берди. Ош окуясы убагында ким жүрөктүү жана ким суу жүрөк экенин шайлоодо аныктады. Кыялы менен бийликти бөлүп алгандардын тамтыракайы чыкты.
Ошко кыргыздар 60-жылдардан кийин гана бара баштаптыр деген жомок. Ошту ала топучан Батыров баштаган «гангстерлер» таш-талканын чыгаргысы келди. Арийне, кыргыз мамлекети Ошту бутунан тургузду. Аны көрө албаган Кадыржан, Иномжонго окшогон журт бузарлар кыргыздарды жаманатты кылып Кыргызстандан жыйнап алган байлыгына ар кандай ушактарды таратып, кыргыз элине жалаа жаап жүрүштү. «Ичкен кудугуңа түкүрбө» дейт, Акаевдин учурунда май-талканды ушул кыргыз жеринен сугунушкан канкорлор урушту өздөрү баштап коюшуп, бет тырмаарлык кылып, кыргыздарга түртө салып турганына туура эмес.
Бул жерде калыстыкты айтууга келген Кильюнендин жыландын башын кылтыйткан отчетунда Ошко кыргыздар 60-жылдардан кийин гана бара баштаптыр. Эгерде Дешти-Кыпчактын түрктөрү азыркы Өзбекстанга 600 жыл мурун ооп келип, ал эми өзбек деген ысымды токсон боолуу ала топучандарга Иосиф Сталин азан чакырып токсон жыл мурун, совет бийлигинин учурунда койсо, 3000 жылдан бери Ошто кимдер жашап келишкен деген суроо туулат. Орусиялык империянын тушундагы эл каттоо боюнча Ошто он миңдеген кыргыздар менен бирге, ошого тете сарттар жашап келишкен экен. Сарт деген калк сак, скиф,гунн сыяктуу өлүк калкка айланды.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө карата козголгон кылмыш ишин кайра тергей баштаганына бир топ убак өттү. Атайын кызмат кайра тергөө президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен башталганын билдирген. 2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыгып, жүздөгөн адам каза болгон.
Ушул жаңжаалдын чыгып кетишин алдын-алууга болот беле? Бекер жерден Оштун мэри Мелис Мырзакматов жаңжаал чыгып кетиши мүмкүндүгүн айтып Бишкекте бийлик кылышып, орун талашып жаткандарга кайрылбагандыр? Ал кезде бийликтин кызыкчылыгы улуттук кагылышуулардын чыгып кетиш мүмкүнчүлүгүн ойлобой, парламенттик шайлоо өтсө алдыга Кадыржан Батыровду салып Түштүк аймактарынан кол топтоо камына кирип калган. Ошол үчүн Кадыржан Батыровдун Түштүктөгү өзбек калкындагы кадыр-баркын эске алып аны менен жакшы мамиледе болууга умтулуп жаткан. Убактылуу Өкмөттү колдой турган өзбек электораты махаллялары менен түп көтөрүлө парламенттик шайлоого чыгышып, баш көтөрүп бараткан кыргыз саясий лидерлеринин алдыга чыгышына “балта чаап” жаңы бийликке жутунуп жаткандар үчүн чоң өбөк болмок. Бийликте бекем сактап калыш үчүн бардыгына көз жуумп, өзбек сепаратисттерин колдоо ошол кездеги парламенттик шайлоого аттанып жаткан Атамбаев, Текебаев, Сариевдердин башкы максаты эле. Бирок, бийлик түбөлүктүү эмес экен. Бекер жерден элибиз: “Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат” –деген эместир.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg