www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30дай окуучу газга ууланды

Орусиянын Нижний Новгород облусундагы мектептердин биринде 30дай окуучу жана 3 мугалим газга ууланды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Уулангандардын ичинен  10 окуучунун ден соолугу ортодон  оор экенин, калгандары анча оор эмес жабыркагандыгын, алардын өмүрүнө коркунуч келбей тургандыгын дарыгерлер айтышты.

Кырсыктын келип чыгуусуна мектептин жанындагы газ таратуучу станциянын түтүгүнөн  газ чыккандыгы себеп болгон. Жыйынтыгында газ мектепти каптап, анын жытынан окуучулар ууланган.

Азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жатат жана  мектепте сабактар өтүлбөй, убактылуу жабылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости