www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Телеграмда ачык эле баңгизатын сатып жатышат. Тыюу салынган заттын жарнамасы популярдуу каналда да чыга баштады. 

“Муну токтотуу мүмкүн эмеспи? Администратору жоопко тартылышы керек. Ал бардык социалдык тармактын колдонуучуларынын кыжырына тийип жатат, администраторунан эч кандай жооп жок”, -дейт колдонуучулардын бири. 

Буга чейин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан үйдүн жашоочулары подъезддин эшигинен жана жанындагы дубалдан баңгизаттын жарнамасын табышкан. Ал жарнаманы алып салышкандан кийин кайра пайда болуп калган. 

Ошондой эле Чүй проспектиси менен Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде да баңгизатты көмүскө түрүндө жарнамаланган баннер табылган. Ушундай эле көрүнүш Казакстан менен Өзбекстанда да болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости