www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Мунабек Жоргомов да Азаттыктын иликтөөсү боюнча өз оюн айтып чыкты. Ал Саймаити айтып берди дегенди Абдулло Юсуповдун айткан маалыматтарына салыштырган. Мунарбек Жоргомовдун жазгандары толугу менен төмөндө:

Саймаити ким, ага ишенүүгө болобу? Баскан жолу, жашоосу, өнөктөштөрү уурулук менен күн көргөн кишинин маалыматтарына ишенүүгө балким бир аз эрте. Эми кезек күч кызматкерлеринде. Агын ак, көгүн көк деп аныктап, Райым миллионбу, башкасыбы Саймаити айткан маалыматтарды изилдеп чын төгүнүн такташ керек. Анткени кылмышкер адамдан барын күтүүгө болот. Бир кезде түрмөдө жаткан Абдулло Юсупов да бүт элди чуу түшүргөн маалыматтарды айткан. Бирок анын көбү апыртма, жалган болуп чыккан.

Өзүбүз бир муштум, бир тилек менен ынтымак болбосок, бизди ушуга окшогон кылмышкерлер эле бири бирибизге тукуруп, туруктуулугубуздун түбүнө жетип коёт. Андан биз азап тартабыз, булар пайдасын көрөт. Ошондуктан бир аз шашпай, ар бир маалыматты анализдеп, жогору жактан расмий эмне маалыматтар болот, ошону сабырдуулук менен күткөн туура го дейм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости