www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аталар гана эмес, апалар дагы балдарына алимент төлөөсү шарт. Бул тууралуу парламенттин комитетинин жыйынында депутат Улукбек Ормонов билдирди.

Анын айтымында, гендердик теңчилик аялдардын гана эмес эркектердин дагы укугун коргоо багытталышы керек.

«Бала атасы менен калган болсо апасы алимент төлөшү керек. Аялдарды эле айта бербей, тең укуктулук дегенде эркектерди унутуп калбайлы», — деди ал.

Депутат Гүлшаркан Култаева Үй-бүлө кодекси боюнча аялы кош бойлуу же баласы бир жашка толо элек болсо ажырашууга болбостугун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Санариптик өнүктүүрү министрлигинин маалыматында, 2023-жылы 44 миң 776 үй -бүлө түзүлүрп, 12 миң 662 түгөйлөр ажырашкан. 2024-жылдын 4 айында 3 миң 277 ажырашуу катталды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости