www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шылуундар кайда болбосун акча табуунун амалын кылгандары бул илгертен калган адат экенин танып болбой. Айткандай акча тапсын, ага эч кимдин каршылыгы жок. Бирок, элди анан өкмөттү алдагандары кыжырды келтирип жатпайбы.
Өткөн жылдын аягында Ош шаарынан киши жашап жаткан квартинанын дарегин колдонуп,” сүт чыгарган ишкана” деп жалган документти тууралап,5 тонна жасалма сүттү чет өлкөгө өткөргөнү туурарлуу кеп учугу чыкты. Бул кылмыш иштин артында Кумарбек Исаков бар экени айтылды. Бул элге билинип калган бир эле көрүнүш. Ал эми билинбей жалган документтер менен сыртка чыгып кетип жаткан продукциялар канча?
Мейли, сүттү чыгара берсин, бирок, мыйзам чегинде иш кылышса жакшы эмей... Бирок, өкмөткө пайда келтирбей, өз кызыкчылыгын ойлоп андан дагы биздин өлкөнү бетке кармап жатышпайбы. Эгер ошол сүттөн туура эмес заттар табылып калса дагы “кыргыз” өкмөтүнүн бетине көө сүйкөлөрү анык. Андыктан мыйзамсыз жасалаган иштер албетте текшерилиши керек. Болбосо мындан башка дагы жагымсыз иштерге жол ачылышы толук мүмкүн.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg