www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Вазир жакшы, хан жакшы” дегендей, бир кезде Нарын облусунун губернатору болуп иштеп турганда, элдин эсинде калган Канат мырза шаардын жалгыз көчөсүн асфальттап, көчөлөрүн ирээтке келтирип, жакшы иштерди кылган. Ал турсун иштен кетээрде элдер пикетке чыгып, кетирбейбиз дегенге чейин барышкан.
Бирок, маселе такыр башка жакта экени кийин билинди. Канат мырза борбор шаарга электр тармагын тейлегени ишке келип, эч кандай алгылыктуу иш кыла алган жок. Көрсө Нарында губернатор болуп иштеп турганда, ишти алдыга жылдырган зам губернатор Сабырбек мырза болгон экен. Айтайын дегенибиз, биздин өлкө эчак өсүп өнмөк, эгер кадр тандаган жагына көңүл бурулса. Иш билген кишилер ишсиз жүрсө, акчанын күчүн колдонуп ишке орношкондор ишти эле эмес, өлкөнү артка тартып жатканы карандай чындык. Бул жерден биз начальниктерге айта турган кеңешибиз тың, иштин көзүн билген замдарды ишке алышса, Канат мырзадай абройлору өсүп, жакшы сөздүн ээси болушат эле го? Көрсө Канатты учурунда Канат кылган замы Сабырбек мырза экеннин Нарын эли айтып жатышат.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg