www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Окурманыбыз маршруткадан мас киши асылганын айтып кайрылды. Өкүнүчтүүсү, бир да жүргүнчү жардамга келген эмес.
Саламатсызбы! Сиздин кеңешиңизге муктажмын.
Сабактан жаңы эле чыккам. Аярламада маршрутка күтүп турсам, жаныма жашы 60га чамалап калган киши келип, “Сен Актандын кызы эмессиңби?”, - деп сурады. Оозунан арактын жыты буруксуйт. Баш чайкап ары басып кеттим. Кечке мени карап турду.
Маршрутка келди. Аркаман түштү. Алдыда бир орундук бош экен. Отурдум. Тиги киши бет маңдайыма туруп алды.
Оозу-мурдун кыйшыйтып, көздөрүн ойноктотуп ачык эле тийише баштады. “Чоң атамдай эле киши экенсиз, уят эмеспи!”- дедим. Токтоп калган жок. Түшүп кетейин деп ордуман туруп баратсам колумду кармап өөп жиберди. “Собака”, - деп жаактан ары бир чаптым. Колумду кое бербейт. Тепкилеп кирдим.
Артта улуу байкелер, эжелер отурган. Бири да жардам берген жок. Айдоочу да бейкапар баратты. Адамдардын жүрөгү таш болуп калганын ошондо билдим.
Коркконуман ыйлап жибердим. Колумду бошотту, түшүп кеттим. Жөн калбай терезени тыкылдатып, "жакшы бар" дегенсип колун булгалады.
Айтыңызчы, мен эмне кылышым керек эле? Укугум тебеленип калгандай өзүмдү жаман сезип жатам.
Юрист Нурислам Раимжанов милицияга арыз жазуу керек экенин айтты.
Урматтуу окурман, кайгырбаңыз! Мындай абалга кабылганда, өз укугун мыкты билген адам да өзүн жоготуп коюушу мүмкүн.
Келиңиз, эмне кылуу керек эле, карап көрөлү:
Милицияга окуя кайсы аярламадан болгонун айтып, арыз жазыңыз. Балким ошол жерде же айланасында видео байкоо бар болушу мүмкүн.
Булак: "Билесиңби"