www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, чын эле эң эле майкөл-сүткөл кызмат бул жол-транспорт министрлиги экени жаамы журтка маалым. Бул кызматка багы тоодой кандай бактылуулар жана капчыгы калыңдар гана ишке орношот.
Минтип айткан сөзүбүздүн дагы мааниси тереңде. Акча деген ушул жакта болгон үчүн, акчанын көзүнө карабай бере турган нерсени берчү жерге берип, ишке киргендер кылгылыкты кылышат, жечү акчаны олчойто жейт, бирок деле жоопкерчиликке тартылган министр боло элек. Бирок, бул ишке келген министрге курган тартип сакчылары иш козгомуш болот, анан эле министрлер эмне болуп сүттөн ак болуп чыга келишет, буга жооп табуу деңизден чакалап суу ташыганга тете эле иш.
Айткандай чын эле уктуңуздар беле “жол транспорт министри кесилип кетти” деген сөздү. Айткандай “жем корлук” деген аты жаман неме нак ушул жакта экенин баары билишет, анан чогуу жеген немелер ооз ачканга жарабай болгон жаза “иштен бошотуу” менен чектелип келген жана бул иш кайталана бере турган адат. Жакында бул майкөл-сүткөл ишке капчыгы калың Бейшенов деген неме келди деп уктук. Укканда эмне, ириде айтылгандай капчыктуулар гана келе турган кызматка колунда жок, бирок колунан иш келе турган немеге, бул ишти суутуп коюптурбу.
Бердикожо Бийназаров
Булак: NazarNews.kg