www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мазардын шейхи сырын ачканда

Ооба, биздин Ала-Тоо курчаган тоолуу жерлерибизде эмне деген гана касийети күчтүү жерлер бар. Бул дагы бир табигаттын бизге билинбеген сыры экенин жашыра албайбыз.

“Мазар” десе эле динге катуу берилгендердин кучунасы кармап, такыр тескери кабыл алышат. Бирок, “Мазар” деген ыйык жер дегенди гана билдерген сөз.

Эмесе сөздү чаргытпай негизги сөзгө өтөйүн:

Мен азыр Кочкор - Ата мазарында шейх болуп кызмат кылам. Бул жерде кеминде жыйырма жылдан ашык убакыттан бери иш алып барам. Чынын айтсам мага өзгөчө мазардын касиети кадимкидей аян берип, алдыда боло турган окуяларды алдына ала белги берет. Кээ нерселерди айтууга болбойт. Ал турсун бүгүнкү күнү канча машина келет, кандай түстөгү жана канча киши менен келээринен бери ачык-айкын белги берип, мен билип турам. Белги берилгендей эле ошол күнү ошончо киши келет. Бул эми караандай чындык.  Кочкор –Ата мечитинин дагы бир касийети 200-300 метр жерден шамалга термелгенсип кыймылдап турганы. Бул көрүнүштү мен жакында элдерге да көргөзүп, мазардын баа-баркын элге жеткизүүнү максат кылып жатам. Муну менен мен, жерибиздин улуулугун, тоолорубуздун касиетин далилдегим келет. Ушундай жерди мекендеген элибизди ыйманга, ынтымакка чакыргым келет. Андан дагы туристтер келсе, абдан кызыгып, алардын арты менен биздин жерге кыдырып кишилер көп келмек беле деген ой.

Эгер, менин айткандарыма ишенбегендер болсо мага келишсин, мен ачык-айкын далилдеп берем. Ошондо билишет, жерибиздин баа баркын. Барынан дагы мазарга келип сыйынгандардын иши алдыга жылып, балалуу болбогондор балалуу болуп кеткендердин саны арбын. Мен Кочкор районунун Кум-Дөбө айылында турам. Кочкор –Ата мазарына келип, мени сураса баары тааныйт. Айтайын дегеним, өз жерибиздеги касиетти пайдаланып калгыла деген эле ой. Анткени канча адамдар кыйналып, иши жүрүшпөй жүрөт. Мазардын кыймылдап турганын көргөндө билесиздер, анын касиетин.

 Жолдошбек Бекбекеев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости