www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Миграция эрежелерин бузган жана улуттук валютаны кордогон чет өлкөлүк жаран кармалып, өлкөдөн чыгарууга даярдалууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 25-ноябрда Бишкек ШИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы жана Ленин РИИБнын кызматкерлери социалдык тармактарда кеңири талкуу жараткан видеодогу чет өлкөлүк жарандын өздүгүн аныкташты.
«Таралган видео кадрларда эркек киши Кыргыз Республикасынын улуттук валютасын демонстративдүү айрып, мамлекеттин символдоруна жана коомдук адеп-ахлак нормаларына карата сыйлабастык көрсөтүп жаткандыгы көрүнөт. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2002-жылы төрөлгөн чет өлкө жараны С.А. кармалды. Анын Кыргызстан аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн тастыктаган документтери жок экени аныкталды. Миграция мыйзамдарын бузуу фактысы боюнча аталган чет өлкөлүк жаранга карата Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгаруу иштери жүргүзүлүүдө». — деп билдирет милиция.
Бишкек ШИИББ тмамлекеттик символдорду кордогон же миграциялык тартипти бузган аракеттер мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келерин эскертет.