www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинети мезгилдик жумуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды.
Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Мезгилдик жумуштардын тизмесине:
айыл чарба жумуштары;
кант кызылчасынан кумшекер чыгаруу менен түздөн-түз байланышкан иштер;
мал көп союлган мезгилде этти кайра иштетүү менен байланышкан иштер;
мөмө-жемиштер, жер-жемиштер жана жашылчалар тегиз бышкан мезгилде аларды жыйноо жана кайра иштетүү менен байланышкан иштер;
жылытуу системаларын, анын ичинде мештерди, казандарды жана башка түзүлүштөрдү тейлөө менен байланышкан иштер;
өсүмдүктөргө, газондорго кам көрүү боюнча иштер жана өсүмдүктөрдүн өсүшүн жана аймактын эстетикасын колдоо менен байланышкан башка иштер;
коноктордун кийимдерин жана жеке буюмдарын кабыл алуу, сактоо жана берүү менен байланышкан иштер;
өсүмдүктөрдү сугаруу, сугат системаларын орнотуу жана тейлөө, кыртыштын нымдуулугун контролдоо жана жабдууларды тейлөө боюнча иштер;
токой чарбасындагы иштер;
геологиялык чалгындоо жана ага байланыштуу иштер;
геологиялык тармакта, тоо-кен өнөр жайында жана өндүрүштүн башка тармактарында тоо-кен, бургулоо жана маркшейдердик иштер кирет.
Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.