www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүйдүн Кемин районунда Lalafo тиркемеси аркылуу жаранды 67 миң сомго алдап кеткен деп шектелип 26 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу облустук ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кемин райондук милиция бөлүмүнө Токмок шаарынын тургуну кайрылып, 9-ноябрда Lalafo тиркемесинен Volkswagen Passat автоунаасы сатылып жатканы боюнча жарнама көргөнүн билдирген. Ал сатуучу менен байланышып, автоунааны сатып алууга макулдашкан. Сатуучунун өтүнүчү боюнча ал «О деньги» электрондук капчыгына 27 миң сом, андан кийин дагы 40 миң сом которгон. Акчаны алгандан кийин сатуучу байланыштан чыгып, дайынсыз жоголгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү катары К.А. аттуу 26 жаштагы жергиликтүү тургунду кармаган. Ал буга чейин ушул сыяктуу кылмыштар үчүн соттолгону белгилүү болгон.

Шектүү алгач убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кийин соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Тергөө иштери уланууда.

Милиция эгер жабыркаган жарандар болсо, Кемин РИИБине же төмөнкү телефондорго кайрылууну өтүндү: 0312 61-68-41, 0701 88-62-95.

Последние новости