www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Транспорт министринин мурдагы орун басары чет элдик компаниядан 50 миң доллар алып жаткан жеринен 2018-жылдын 5-декабрында кармалган. Кармалган чиновник Азимкан Жусубалиевдин ишин кароону Биринчи май райондук соту 20-майда улантарын билдирди.
Маалыматка ылайык, алгач 4-апрелге белгиленген соттук процесс ар кандай себептерден улам жылып отуруп, 29-апрелде Азимкан Жусубалиевдин, Бехруз Гулрузованын жана Болотбек Токтобаевдин айыбы угузулган. 2-майдагы соттук териштирүү күбөлөр келбей калганына байланыштуу 20-майга жылдырылды.
Атайын кызматтын материалдарына ылайык, министрдин орун басары өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн кызыкчылыгын коргоп берүү үчүн 520 миң долларга пара катары алмак. Анын 120 миң долларын министрдин кылмышка шектүү орун басары ортомчулар аркылуу алган.
Булак:NazarNews.kg