www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Редакцияга келген бул атын атагысы келбеген айымдын катын окурмандар менен бөлүшүүнү туура көрдүк. Бул окурманыбыздын окуясынан балким кимдир-бирөө сабак алар..
Мен борбордогу окуу жайлардын биринен экономика факультетин кызыл диплом менен аяктагам.Окуу жайда мугалим болуп калышымды жетекчилик өзү сунуштап калып калгам.Жумушумда баары жакшы эле, бирок жеке жашоом айланамдагылардын баарын тынчсыздандыра баштады.Анткени 35ке чыкканымда да жалгыз болчумун.Өзүмө билинбегени менен кандидаттык диссертациямды жазам деп жүрүп бактымдан кечиге бериптирмин. Илимий ишимдеги жетекчим окуу жайда абройлуу орду бар 60ка таяп калган агай эле.Экөөбүздүн ортобузда кесиптештик мамиле анан менде ага болгон күчтүү сый бар болгону. Агайдын жеке жашоосуна деле кызыкпаптырмын.
Бир жолу ишимди текшерип берүүсүн суранып телефон чалсам, үйүнө чакырды.Айткан дарегине жеткиче агайдын үй-бүлөсүн элестетип бардым. Өзүнө жарашыктуу балпайган байбичесин, ойноп жүргөн неберелерин... Бирок мен күткөндөй болбоду. Шаардын чок ортосундагы үч бөлмөлүү үйүндө агай жалгыз жашайт экен. Босогосунан баш бакканымда эле өзү тууралуу айтып кирди. Көрсө, аялы казак кызы болгон экен. Экөө бир окуу жайда окушуп, бир тармакта иштеп калышыптыр. Мындан 15 жыл мурун жакшы сунуш менен Казакстанга чакырышканда агай макул болбой коюптур. Аялы болсо кетүүнү каалаптыр. Ошентип экөөнүн ортосунда талаш-тартыш жаралып, акырында күйөөсүн таштап аялы жалгыз кетип калган экен. Эки баласынын бири бул жакта калса, бири апасы менен кетиптир. Экөө тең азыр өз турмуштары менен алек экен.
Агай ишимди текшергенче менин тамак жасап турушумду суранды. Ашканасына чыгып бар азыктары менен тамак жасоого кириштим. Идиш-аяк, буюмдардын абалы аял кишинин колу тийбегенинен кабар берип турду. Чекелери кетилген, таза жуулбаган...Тамак бышкыча агайдын ашканасын жууп-тазалап жаркыратып койдум. Аны көргөн агайым жаш балача сүйүнүп, экөөбүз отуруп тамактандык. Ушундан баштап агай мени үйүнө чакырууну адатка айлантты. Мен да жок дебей барып, барган сайын үйүн жыйнап, тамагын жасап коём.
Бир жолу күтүүсүздөн үйлөнүү тууралуу сунуш айтты. Түз эле минтип айтканына ыңгайсызданып уялып кеттим.
Антсем агай мени башынан эле жактырарын, бирок анысын жашырып келгенин айтып ойлонуума убакыт берди. Ушул мүнөттөн баштап агайдын сунушу мээмден кетпей койду. Эмнеге болбосун? 57де болсо эмне болуптур? Улуу деп чанганым менен мени ушул жашымда ала турган бойдок жигит табылабы? Же болбосо мен өзүм жарыбаган айлыгым менен үй-жай кылганча качан? деп ойлоп агайды көп күттүрбөй макулдугумду бердим. Жакындарым да “өз тагдырыңды өзүң чеч” дегендей кылып коюшту.
Укмуш сүйүү жаралып кетпесе да ортодогу сый менен жашай бердик. Бирок жыл айланбай бул кылганыма өкүнүп атам. Эмнеге дейсизби? Баары мен күткөндөй болбоду. Ага тамак жасоо, кийимдерин жууп, үтүктөө, үйүн жыйноо деген кошумча түйшүктөрдүн эле кошулганы болбосо, жашоомдо эч өзгөрүү болгон жок. Жада калса жылуу сүйлөп көңүл алганды да билбейт. Үйгө келгенде кагаз иштерине үңүлөт, китептен көзүн албай отуруп тамактанат, коңурукту кош тартып уктайт, болду. Жок дегенде бир бала төрөп алайын деген тилегимди таш капты.Төшөк маселесинде анын чоң көйгөйү бар экен. Андыктан кыздарга айтар элем: мендей болуп эркектин аброюна, үй-жайына карап, бирок жашына карабай турмушка чыкпагыла. Ара жолдо каласыңар.
Булак: "Lady.kg"