www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мен аскерден жаңы келип, көчө таптап жүргөн кезимде, айылдын башкармасы өзү атайын жолугуп мени сакмалга барып берүүмдү суранды.

Эки жыл чет элде жүрүп, айылга жаңы көнүп келе жатканымда кайдагы сакмал деп ойлогонума карабай мени тоо арасындагы сарайдагы бир койчуга мени сакмалга айдап жиберди.

Сакмалга барган күндөн баштап, менин көзүм койчунун жаш келинине кабылда да калды. Эх, ушунчалык дагы сулуу жан бар экенин учурунда билбептирмин. Айткандай сулуу аял затын көрүп эле жүргөм, бирок андай сулуу аял затын көрбөптүрмүн.

Аты Айжамал экен. Тим эле чүрөк. Балким менин көзүмө ошондой көрүндүбү ким билет. Анткени “сүйүүнүн көз айнеги, жезди алтын кылып көргөзөт” деп айтылгандай, башкаларга кадимкидей эле көрүнсө керек. Антейин десем келген эркек аттуунун баары Айжамалды каректери талыганча карашат десеңер. Айткандай сулуу жан көздүн көркү, көңүлдүн төрүнөн орун алып, адамды бир башка ойго жетелейт белем. Сулууга кызыкпаган көздүн кимге кереги бар?

Тээ илгерден бери сулуу кыз менен күлүк ат талашка түшүп келгени да чын. Айжамал жеңе анткен менен, ар ким карай берип эркектерге көңүл деле бурбай калыптыр.

Бир күнү кечки малды жайлаганы чөп короого барып калып, биринчи жолу мүшөктүн оозун ачып берип турганда сөзгө тарттым:

-Жеңе, кайдан болосуз?-деп. Ошондо гана экөөбүз чечилип сүйлөштүк. Көрсө курган Айжамал өзүнүн эле карын бөлөсүнө турмушка чыгыптыр, сүйбөй-күйбөй, апасынын тилинен чыга албай. Турмушка чыга элегинде, тактап айтканда мектепте окуп жүргөндө эле талашка түшүп, “ала-качабыз” дегендер болгон үчүн апасы, акыркы коңгуроо болгон күнү эле эжесинин баласына берип салыптыр. Анткен менен Айжамалдын көзүнүн тереңинде кусалык катылып жатканын даана байкадым. Бирок, жеңеге жакын жолобош да керек. Анын себеби, сулуу аялдардын бир кемчилиги, күйөөлөрү чектен сырт кызганчаак келээри да анык.

Ошол бойдон мен аны менен сүйлөшкөн жокмун.  Анткени аз убакыт өтпөй дагы үч бойдок бала сакмалга келип, Айжамалга ачык эле тийише баштаганда аны айылга кетирип жиберишкен. Айткандай ашыкча сулуу болуу дагы болбойт белем. Ашыкча сулуу аялдар турмушунан көп аксап калгандары да болот. Ошол себептен “Ашыкча өңдүн сулуу болгону аялдын душманы” деп да айтылат эмеспи.

Бир күнү күнгө жекшемби эле, Айжамал иштери менен келгенин деле билген эмес элем. Короодон келе жатып, ага бетме-бет чыгып жолугуп калдым. Ошондогу көз караш менин болгон дитимди бийлеп алды. Азыр арадан канча жыл өтсө дагы ошол кездеги Айжамалдын  көз карашындай көз карашты жолуктура албай келем. Эх, жаш кезге баары жарашат белем. Анткен менен жагымдуу көз караш дагы үмүткө жетелейт белем.

Кайда гана барбадым, эмнени гага көрбөдүм, бирок баягыдай көз карашты көрө элекмин.

Жараш достун айтканын жазган Бердикожо Бийназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости