www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы полициясы тарабынан Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аталган органдын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын декабрь айында Аалымдар кеңеши тарабынан муфтияттын ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча Финполго арыз түшкөн.

Аталган факты Жазык кодексинин 233-беренеси («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») менен КЖБРге катталган.

Азыркы тапта тергөөнүн алкагында муфтияттын ишмердүүлүгү боюнча салыктык текшерүүлөр жана аудит жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, 10-февралда УКМК Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланганын ачыкка чыгарып, мекеменин эсепчисин кармаган. Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган.

Ушул эле күнү анын артынан Максатбек Токтомушев дагы кармалган. 12-февралга караган түнү экс-муфтийдин баш коргоо чарасы тандалып, сыртка чыкпоо тил каты менен бошотулган. Ал эми бухгалтери эки айга тергөө абагына камалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости