www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Муфтияттын жалгыз эле бухгалтери эмес, кассири да Кудай ургандай бай. Булардын бир эмес, экиден заңгыраган үйлөрү бар», - деди бүгүн, 12-февралда NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Качкын Булатов.

- Муфтийди камап, чекиликке кетирип койгон жокпузбу?

- Муфтийди Атамбаев мезгилинен бери бийликтин сересиндегилер колдоп келген. Тагыраагы, спикер Асылбек Жээнбеков менен шумахер Икрамжан Илмиянов крыша болуп келген. Ажылыктан түшкөн акчалар ортодо болгон. Ошол эле УКМКнын айрым кызматкерлери да муфтияттагы акчадан алып жүргөн. Муфтияттагы эсепсиз каражат жана аны калкалагандар, андан пайдалангандар тууралуу бир канча жолу макала да жазып, коомчулукка кайрылуу кылып, пресс-конференция да бергенбиз. Бирок, биздин кайрылууларга жогору жак маани бербей, текшербей коюшкан. Эми гана ал жердеги ботконун баары ачыкка чыга баштады.

Муфтияттын жалгыз эле бухгалтери эмес, кассири да Кудай ургандай бай. Булардын бир эмес, экиден заңгыраган үйлөрү бар. Бухгалтери Кара-Кулжалык мурун түрмөгө жатып чыккан адам болчу. Ревизорлор муфтиятка жума сайын миллиондор кайдан түшүп жатканын жана кайда жумшалып жатканын да билбей калабыз дешчү. Муфтияттын өзүндөгү ревизору алар менен кошо иш кылчу. Менимче алар бирин-бири сатты болуш керек. Бирок, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн ачыкка чыгарыша элек.

- Бирок, муфтият коомдук уюм, аны УКМК текшергени чекилик иш болду. УКМК бардык ишке киришип, майдаланып кетти деп жатышат го?

- Муфтият коомдук бирикме экени чын. Аны каржы полициясыбы же ИИМби же УКМКбы кимиси текшериш керек экенин билбейм. Бирок, дин таза болуш үчүн, динчилдердин былык иштерин кимиси болсо де текшерип, бетин ачканы туура эле иш болду. Анткени, акчаны көргөндө жүрөгүндө кудайы жок молдолор ата-энесин да унутуп, Алланы да сатып жиберет. Азыркы таптагы окуя ошону далилдеди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости