www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ассаламу алейкум туугандар, мигрант болуп бала-чакасынан алыста жүргөн мекендештер, бир боорлорум. Мен эркек башым менен көзүмө жаш алып, ыйлап жаздым. Балдарымдын келечеги эмне болот? «Апаңар ушундай» деп кантип айтам? Өз суроомо жооп таба албай отурамын. Туптуура бир жарым жыл мурда Москвага келген элек. Жетпеген турмуштун айынан да. Келинчегим негизи сулуу аял.

«Кантип сага тийди ушул аяш» деп досторум тамашага салышат эле. Мен да эркекмин, келинчегимди кызганып, сааты көп жумушка уруксат бербей «кыйналасың» деп аяп жүргөнмүн. Баары бир алысыраак бай досум менен мамиле куруп алыптыр. Мүнөзүм оор болгондуктан «тандоо сеники, акчалууну тандадың» деп эле урбай, сокпой бошотуп койдум.

Балдарыма эмне болот? Мени «үйлөн» дейт үйдөгүлөр. Өз апасы таштап кеткен балдарымды кантем? Өгөй аялга кантип ишене алам? Мен өтө баласаакмын. Негизи өзүмө үй алып, эки кыз жана бир уулум менен эле жашоо мага тынчыраактай болуп жатат... Колуман келишинче жакшы эр болууга аракет кылдым, аялым билбеди, кетти, аттиң...

Мирбек

Булак: NazarNews.kg

Последние новости