www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө аймагында 28-мартка чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу унаа жолдордо кар көчкү коркунучу бар.
Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Бишкек—Ош унаа жолундагы (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138-чакырымдарда, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265-чакырымдарда, (Көк-Бел ашуусу) 351-365-чакырымдарда, Мырза-Аке—Кара-Кулжа—Алайкуу унаа жолундагы 65-110-чакырымдарда, Ала-Бука—Каныш-Кыя унаа жолунун 65-97-чакырымдарында, Красная Горка—Ак-Таш унаа жолунун 1-9-чакырымдарында, Казарман—Актал-Чат унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94-чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), Бишкек—Нарын—Торугат унаа жолунун (Долон ашусуу) 289-291-297-298-чакырымдарында, Арал—Миң-Куш унаа жолунун 1-10-чакырымдарында, Каракол—Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92-чакырымдарында, Барскоон—Ак-Шыйрак унаа жолунун Барскоон жана Сөөк ашуусунда (60-68 чакырымдары) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Ошондой эле, унаа жолдор тайгак болуп, муз тоңот.
Унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости