www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ экс-президенти  Барак Обама  чыгармачылыка киришти.  Ал  президенттик ишмердиги жөнүндө  китеп жазат. Бул туурасында The Washington Post  гезити өз булактарына шилтеме кылып билдирди.

Мемуарларын  жаратуу үчүн  Барак Обама  Тынч океанындагы  Тетьяора аралын тандап алган.   Белгилүү  болгондой Обама аралда  көп убакыт өткөрүүнү пландап жатат. 

Китеп  экс-президенттин  Ак үйдөгү ишмердиги  жөнүндө болот.  Бул  Обаманын алгачкы саякаты эмес. Буга  чейин ал жубайы Мишель Обама менен   Кариб бассейниндеги Палм Спрингс жана    Гавай аралдарында да болушкан. 

 Буга чейин 1-мартта Financial Times басылмасы, Penguin Random House басмаканасы Обама  менен анын аялына Ак үйдөгү жашоосу  жана ишмердиги тууралуу  китеп  жазуу үчүн  $65 миллион  калем акы сунушташкан.  Жубайлар макул болгону белгилүү.

Булак: 5news.kg

Последние новости